ТоктомКүчүндө

Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-январындагы№ 11/II-29 «Жээк айылынын клубуна жана Интернационал айылынын клубуна кошумча штаттык бирдигин - кароолчу бекитүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-январы № 11/II-29

Жээк айылынын клубуна жана Интернационал айылынын клубуна кошумча штаттык бирдигин - кароолчу бекитүү жөнүндө

Жээк айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А.М. Турдумкулованын маалыматтын угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин штаттык бирдиктеринин типтүү максималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде, Жээк айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жээк айылдык клубуна кошумча 1,0 ставкасы жана Интернационал клубуна 1,0 ставкасы менен штаттык бирдик - кароолчу бекитилсин.

2. Ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жээк айылдык кеңешинин бюджеттик жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 6-ноябрында https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D1%80%D0%B8%D1%8F/11-1-29%20%D0%BE%D1%82%2010.01.2025.pdff расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

 

К.К. Шаршеналиев