ТоктомКүчүндө

Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-январындагы№ 12/II-29» Дмитриевка айылынын китепканасынын жана Жээк айылынын китепканасына кошумча штаттык бирдигин - техникалык персоналды бекитүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-январы № 12/II-29

Дмитриевка айылынын китепканасынын жана Жээк айылынын китепканасына кошумча штаттык бирдигин - техникалык персоналды бекитүү жөнүндө

Жээк айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А.М. Турдумкулованын маалыматтын угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы  №495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин штаттык бирдиктеринин типтүү максималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде, Жээк айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Дмитриевка айылындагы китепканага кошумча 0,5 штаттык бирдик – техникалык кызматкер (бөлмөлөрдү жыйнаган кызматкер) бекитилсин. Бул бирдик Дмитриевка айылындагы клубдун техникалык персоналын оптималдаштыруунун эсебинен камсыздалсын (клубда 0,5 ставка калтырылсын).

2. Жээк айылындагы китепканага кошумча 0,5 штаттык бирдик – техникалык кызматкер (бөлмөлөрдү жыйнаган кызматкер) бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жээк айылдык кеңешинин бюджеттик жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 6-ноябрында https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D1%80%D0%B8%D1%8F/12-1-29%20%D0%BE%D1%82%2010.01.2025.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

 

К.К. Шаршеналиев