ТоктомКүчүндө

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №25 «Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги объекттердин менчиктештирүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө» токтому.

Редакция24.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы

2026-жылдын 24-июлу №25

  Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги объекттердин менчиктештирүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги объекттердин менчиктештирүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

                                                        

  1. Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги объекттердин менчиктештирүү боюнча программасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
  2. Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги объекттердин менчиктештирүү боюнча программасынын аткарылышы боюнча 2026-жылдын жылдын жыйынтыгы менен программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө шаардык Кеңешке маалымат берилсин.  
  3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин     муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  Төрага                                     С.А.Саматов

 

Раззаков шаардык Кеңешинин

       2026-жылдын 24-июлундагы     

       № 25 токтомуна тиркеме

 

 

РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИГИНДЕГИ ЖЕР УЧАСТОКТОРУН НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУ, МЕНЧИККЕ ЖАНА ИЖАРАГА БЕРҮҮ БОЮНЧА ПРОГРАММАСЫ

 

1. Жалпы жоболор

Бул Программа Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» жобого, ошондой эле жер участокторунда жайгашкан имараттарды, курулмаларды жана бүтө элек курулуш объекттерин өткөрүп берүүдө жер укуктарын жөнгө салган Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык иштелип чыкты.

2. Программанын максаты

Муниципалдык менчиктеги жер участокторун башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын берүүнү мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын өз убагында кароо жана муниципалдык жерлерди экономикалык жүгүртүүгө тартуу.

3. Программанын негизги багыттары

Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке жана ижарага берүү боюнча бирдиктүү механизмди түзүү;

№571 токтомдун талаптарын толук аткаруу;

Муниципалдык жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

Жер участокторун берүү боюнча административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү;

Жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын өз убагында кароо;

Имараттарды, курулмаларды өткөрүп берүүдө жер укуктарын мыйзамга ылайык жөнгө салуу;

Муниципалдык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү.

4. Иш-чаралар

Муниципалдык жер участокторун менчикке жана ижарага берүү боюнча арыздарды кабыл алуу жана кароо.

Жер участокторун берүү боюнча комиссиянын ишин уюштуруу.

№571 токтомдо каралган учурларда аукциондорду уюштуруу жана өткөрүү.

аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;

конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;

лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;

карасанатай атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:

- тооруктун катышуучуларынын өз ара жашырын макулдашуусуна;

- коррупцияга;

- тоорукта бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;

- потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;

түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;

тоорук - муниципалдык менчикте турган жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;

жерлердин максаттуу пайдаланылышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,

катышуучулары жана предмети;

-        Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат;

-        Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Типтүү жобого ылайык жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.

-        Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы бекитет.

-        Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

-        - жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;

-        - жер участокко укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;

-        - сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;

-        - тооруктун жыйынтыгын аныктайт;

-        - жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Типтүү жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.

Түшүндүрмө:

(жөнөкөй тил менен айтканда Тоорукту муниципалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу орган (муниципалдык менчик департаменти) уюштурат жана жер тилкесин даярдайт; баштапкы бааны аныктайт кулактандыруу жарыялайт;катышуучулардын документтерин кабыл алат; тоорукту өткөрөт; жыйынтыгын чыгарат.

Тооруктун катышуучулары кимдер?

Кыргыз Республикасынын жарандары; юридикалык жактар; мыйзам боюнча жер алууга укугу бар башка жактар.

Катышуучу:

арыз берет; кепилдик төгүмүн төлөйт; талап кылынган документтерди тапшырат.

Тооруктун предмети деген эмне?

Тоорукта сатылып жаткан нерсе жердин өзү эмес, төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

жер участогуна менчик укугу;

жер участогуна ижара укугу.

тоорукта "жер" эмес, ошол жерге болгон укук сатылат.

Эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп саналат. Андан кийин: протокол түзүлөт; келишим түзүлөт; жерге болгон укук катталат.

Башкача айтканда, ар бир участок боюнча кеңешке сунуштабай эле, ыйгарым укуктуу орган ММД мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жоболорду сактоо менен тоорукту уюштурат жана өткөрөт.)

Тооруктарды жана туз сатууларды

өткөрүүнүн тартиби

 

Жер участокторго менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:

Тоорукка коюлчу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.

Тоорукта объекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.

Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна буларды берет:

Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган берилүүчү жер участоктун старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.

Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.

Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.

Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде тоорук өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.

Түшүндүрмө;

(Муниципалдык жерге укук эки негизги жол менен берилет:

Аукцион – ким көбүрөөк баа сунуштаса, ошол утат.

Конкурс – баадан тышкары сунушталган долбоор, инвестиция, иш планы да бааланат.

Ар бир жер участогу өзүнчө лот болуп эсептелет.

Тоорукка катышуу үчүн эмне керек? арыз берет; паспортун же юридикалык жактын документтерин тапшырат; өкүл болсо ишеним кат берет; кепилдик төлөмүн (барымта) төлөйт. Барымта эмне үчүн алынат? Барымта – катышуучунун олуттуу ниетин ырастоо үчүн алынат. Өлчөмү старттык баанын 10%ынан ашпоого тийиш. Жеңүүчүгө бул сумма төлөмдүн эсебине кошулат. Утпагандарга кайра кайтарылат. Кайсы учурда катышууга жол берилбейт? документтери толук эмес болсо; кеч тапшырылса; мыйзам талаптары аткарылбаса. Бир гана катышуучу болсо эмне болот? Эгер бир эле адам катышса, тоорук өткөн жок деп эсептелет. Андан кийин комиссия. Кайра тоорук жарыялайт. же ошол лотту алып салат.

7. Аукцион кандай өтөт?

Баштапкы баа жарыяланат. Катышуучулар бааны көтөрүшөт. Эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү болот. Эгер эч ким сатып албаса, баштапкы бааны 20%га чейин төмөндөтүүгө болот.

8. Конкурс кандай өтөт? Бул жерде эң чоң баа эле эмес, сунуштун сапаты да каралат.

Мисалы:

ким инвестиция салат; канча жумуш ордун түзөт; кандай объект курат. Эң пайдалуу сунуш берген адам жеңет.

9. Түз сатуу кандай өтөт?

Эгер мыйзам түз сатууга уруксат берсе: комиссия чечим кабыл алат; арыз ээси чакырылат; сүйлөшүү жүргүзүлөт; баа боюнча макулдашылат; келишим түзүлөт. Бул жерде тоорук өткөрүлбөйт.

10. Курулуш үчүн жер берилсе эмне болот?

Эгер жер: инвестициялык долбоорго; социалдык объект курууга; башка өзгөчө максатка берилсе, анда жергиликтүү кеңеш же мэрия өзүнүн ченемдик укуктук актысы менен төмөнкүлөрдү аныкташы керек: курулуш канча убакытта бүтүшү керек; объект качан муниципалдык менчикке өткөрүлөт (эгер шарт ошондой болсо); жер качан кайтарылат;

ижара келишиминин негизги шарттары кандай болот.

Ошондой эле:

жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө болбойт; үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө болбойт;

шарттар бузулса, жер кайра алынат.)

 

Мыйзамдарда түз берүү каралган учурларда жер участокторун берүү боюнча документтерди даярдоо.

Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:

а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электри бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;

б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;

в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;

г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо;

д) жер участогу социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;

е) жер участогу курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;

ж) жер участогу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияларды салууну караган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык инвесторго мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 223, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.

Түшүндүрмө:

(«Жер участокторуна укук берүүнүн өзгөчө шарттары» деген бөлүктүн негизги мааниси — бардык жерлер сөзсүз аукцион аркылуу эле берилбейт. Кээ бир учурларда мыйзам өзгөчө тартипти колдонууга уруксат берет. Башкача айтканда Имараты бар адамга жер берүү, эгер адамдын мыйзамдуу менчигинде имарат, курулуш же объект болсо, ал объект жайгашкан жер тилкесине укук алуу маселеси өзгөчө тартипте каралышы мүмкүн. Мындай учурда жерди кайра аукционго чыгаруу туура эмес, анткени имарат башка адамдыкы эмес. Имарат кимдики болсо, анын алдындагы жерди пайдалануу укугун берүүдө ошол адамга артыкчылык берилет.

Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктагы учурлар, эгер жер же объект коомдук муктаждык үчүн алынып жатса, компенсация катары: акча; теңдеш жер; же экөөнүн айкалышы берилиши мүмкүн. Жер кодексинин 69-берене ылайык.

 

 

Инвестициялык жана социалдык маанидеги долбоорлор

Мыйзамда каралган учурларда социалдык, инфраструктуралык же инвестициялык долбоорлор үчүн жер маселеси өзгөчө тартипте чечилиши мүмкүн.

Эгер жарандын мыйзамдуу имараты бар болсо, көп учурда маселе аукцион аркылуу эмес, ошол имаратка байланыштуу өзгөчө тартипте каралышы мүмкүн. Деп көрсөтүлгөн)

 

Имараттарды жана курулмаларды өткөрүп алууда же өткөрүп берүүдө алар ээлеген жер участокторуна укуктарды мыйзам талаптарына ылайык тариздөө.

КР Жер кодексинин 69-беренеси

Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу (сатып алуу)

1. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу объекттерди жайгаштыруунун башка альтернативдүү варианттары жок болгон учурда гана жүргүзүлөт.

2. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюуда жер тилкесин алып коюу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жер тилкесинин укук ээсинин ортосунда, ыйгарым укуктуу органдын коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечиминин негизинде жер тилкесин акы төлөп алып коюу жөнүндө келишим түзүлөт.

Жер тилкесинин укук ээси алып коюуга же анын шарттарына макул болбогон учурда атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартууну алган учурдан тартып эки айлык мөөнөттө сотко жер тилкесин акы төлөп алып коюу жөнүндө доо арыз менен кайрылууга укуктуу.

3. Сот тарабынан жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин жер тилкесинин укук ээси жер тилкесине болгон укуктарын жүзөгө ашырууга жана жер тилкесин анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылуучу зарыл чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.

4. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюлган жер тилкеси үчүн компенсация укук ээсинин тандоосу боюнча бирдей маанидеги (бирдей баадагы) жер тилкесине болгон укуктарды берүү же акчалай компенсациялар түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө берилиши мүмкүн.

5. Жер тилкесинин сатып алуу баасын аныктоодо ага жер тилкесине болгон укуктун жана анда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын рыноктук наркы, ошондой эле жер тилкесине болгон укуктун токтотулушуна байланыштуу менчик ээсине же жерди пайдалануучуга келтирилген чыгымдар, буга кошуп үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда токтотулушу менен байланышкан чыгымдар киргизилет.

6. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу жер тилкеси үчүн компенсациянын өлчөмү, мөөнөттөрү жана башка шарттары акы төлөп алып коюу жөнүндө келишимде аныкталат. Компенсация жер тилкесин иш жүзүндө алып коюуга чейин төлөнүшү керек.

7. Жер тилкесин сот тартибинде алып койгон учурда компенсациянын суммасы жер тилкесин коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюу жөнүндөгү соттун чечиминде аныкталат.

8. Жер тилкесинин бир бөлүгү алып коюлган учурда, анын натыйжасында жер тилкесинде калган бөлүгүн пайдалануунун экономикалык максатка ылайыктуулугу, ошондой эле өрткө каршы, санитардык, экологиялык, шаар куруу, айыл чарба жана башка милдеттүү ченемдерди сактоо менен аны андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жоголсо, бардык жер тилкесин алып коюу зарыл.

9. Күрөөдө турган жер тилкеси коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып коюлган учурда:

1) күрөө анын ордуна берилген жер тилкесине өтөт;

2) күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө тиешелүү ордун толтуруунун суммасынан өз талаптарын канааттандырууга укуктуу.

10. Жер тилкесине чектөө болгон учурда аны алып коюу (сатып алуу) мындай чектөө алынып салынгандан кийин мүмкүн болот.

 

 

Түшүндүрмө:

(Мамлекет же муниципалитет каалаган жерди жөн гана алып коё албайт. Алып коюу үчүн сөзсүз мамлекеттик муктаждык; коомдук муктаждык; болушу керек.

Мисалы:

Инженердик, жол курулмаларына, социалдык обьектерге, же инфроструктураны өнүктүрүүгө

Ээсинин мүлкү алынганда сөзсүз компенсация берилет. Компенсацияга төмөнкүлөр кириши мүмкүн, жердин наркы; имараттын наркы; бак-дарактар; башка чыгымдар; жоготулган пайда.

Компенсациянын түрүн укук ээси тандай алат

акчалай компенсация; тең маанидеги (эквиваленттүү) жер участогу; акча жана жердин айкалышы. Биринчи кезекте көз карандысыз баалоочу баалоо жүргүзүлөт:

жерди; имаратты; башка объекттерди баалайт.

Ошонун негизинде компенсация эсептелет.

Макулдашуу жолу артыкчылыктуу

Берене биринчи кезекте тараптар өз ара макулдашууга жетишиши керек, Сотко акыркы чара катары гана кайрылынат.)

 

Жер участокторун пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүү.

Ижара келишимдерин түзүү жана көзөмөлдөө.

Муниципалдык жерлерди экономикалык жүгүртүүгө тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

5. Ишке ашыруу механизми

Программаны ишке ашыруу Раззаков шаарынын мэриясы алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

Программанын алкагында муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын берүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде №571 токтомдун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Жергиликтүү кеңеш тарабынан ушул Программа бекитилгенден кийин, Программада каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн ар бир уюштуруучулук маселе боюнча өзүнчө программа кабыл алуу талап кылынбайт.

6. Күтүлгөн натыйжалар

Жер маселелерин кароо мөөнөттөрү кыскарат;

Документтерди даярдоо процесси жөнөкөйлөтүлөт;

Муниципалдык жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугу жогорулайт;

Инвестициялык активдүүлүк өсөт;

Бюджеттик түшүүлөр көбөйөт;

Жарандардын кайрылууларын кароонун сапаты жакшырат;

Раззаков шаардык кеңеши тарабынан ушул программа бекитилгенден кийин Раззаков шаарынын мэриясы төмөнкү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана №571 токтомдун талаптарын сактоо менен өз алдынча чечим кабыл алат:

Бул иштер мыйзамдарда түздөн-түз шаардык кеңештин чечими талап кылынган учурларды кошпогондо, мэрия тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.

 

 

Раззаков шаарынын мэриясынын

алдындагы муниципалдык менчик

департамантинин башчысы: А.З.Насиров