ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини 2026-жылдын 18-ноябрындагы № 808-VIII «А.Т. Молдобаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция18.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-ноябры № 808-VIII

 

А.Т. Молдобаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна талапкерге сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т o м   к ы л а т:

 

1. Молдобаев Алмазбек Тавалдыевич жаш курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев