Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-ноябрындагы № 884-т («Чанхун» металл каркастарын долбоорлоо» жоопкерчилиги чектелген коомуна жер тилкесин берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-ноябры № 884-т
«Чүй облусунда курулуш металл конструкцияларын жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү завод» улуттук инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын 2026-жылдын 12-октябрындагы № 18 протоколун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 18-беренесинин 5-пунктуна, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы:
1) «Чүй облусунда курулуш металл конструкцияларын жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү завод» улуттук инвестициялык долбоорун (мындан ары – инвестициялык долбоор) ишке ашыруу үчүн «Чанхун» металл каркас долбоорлоо» жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Восток айылына жакын жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, аянты 17 га, идентификациялык коду 7-01-10-0006-0220 болгон, «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жер тилкесин тоорук өткөрбөстөн түз берүү жолу менен 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин;
2) «Чанхун» металл каркас долбоорлоо» жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесине 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара келишимин түзсүн;
3) ижара келишиминде ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн гана пайдаланууну, ошондой эле аны максатсыз пайдалануу үчүн жоопкерчиликти карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине болгон укукту мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.
3. «Чанхун» металл каркас долбоорлоо» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын сактабастан жана тиешелүү менчик ээсинин макулдугусуз ээликтен ажыратууга же пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөө;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдаланууда шаар куруу, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы талаптарды, автомобиль жолдорунун жана жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, ошондой эле башка милдеттүү талаптарды сактоону камсыз кылуу;
4) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда суу жана ирригациялык фонддордун жерлерине, суу объекттеринин суу коргоо зоналарына жана тилкелерине карата белгиленген талаптарды сактоону, атмосфералык абаны коргоону, өндүрүш жана керектөө калдыктары менен белгиленген тартипте иштөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоону жана мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылуу;
5) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 32-статьяларынын талаптарын сактоону камсыз кылуу.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |