МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 12-7-1
Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата берилген иш планын карап, талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата иш планын 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына (А.Б.Оморов, К.А. Сүйүмбаев,А.С.Асанов) жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин тѳрагасы: | Р.К. Бакалаев |
| 1-Тиркеме Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-ж. 17-апрелиндеги сессиясынын №12-7-1 токтомуна |
Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата иш планы
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
|
1 | Шаардык кңештин жана туруктуу коммиссиялардын 2015-ж. карата иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Жооптуу катчы, Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары |
2 | “Майлуу-Суу шаарынын 2014-жылындагы бюджетин аткаруусу жөнүндө” | 1-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
3 | “ 2015-жылга бюджетти бекитүү жана 2016-2017-жылдарга прогнозу жөнүндө” | 1-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
4 | 2015-ж. Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
5 | 2014-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча мэрдин отчёту | 2-квартал | Майлуу-Суу шаарынын мэри |
6 | Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын аткарган иши жөнүндө отчёту | 2-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
7 | Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жана ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө | 2-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
8 | Шаардын тазалыгын жана көртөндүрүү маселелери боюнча шаардын аймагында мекеме ишканалардын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жөнүндө | 2-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
9 | 2015-жылдын 1-жарым жылында киреше бөлүгүнүн аткаруусу жөнүндө | 3 -квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия . |
10 | Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2015-жылдын 6 айлык боюнча отчёту | 3-квартал | Майлуу-Суу шаарынын мэри |
11 | Шаардык билим берүү бөлүмүнүн объектилеринин жаңы окуу жылына карата көргөн даярдыгы жөнүндө | 3-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
12 | Шаардын саламаттыкты сактоо мекемесинин иши жөнүндө | 4-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
13 | 2015-2016-ж. күз-кыш мезгилине коммуналдык мекемелердин көргөн даярдыгы жөнүндө | 4-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия . |
14 | Шаардык аксакалдар сотунун аткарган иштери жөнүндө | 4- квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
15 | Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отчёту | 4- квартал | Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары |
II | Практикалык иш чаралар |
|
|
1 | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана шайлоочуларды кабыл алуу | График боюнча | Депутаттык фракциялар, партиялардан шайланган депутаттар |
2 | Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш планы боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
3 | Шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
4 | Маанилүү маселелер боюнча калк арасында коомдук угуларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
5 | Иш планында белгиленген маселелерди өз убагында кароо | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар |
6 | Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
7 | Ар бир иш сапардан кийин, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдап тапшыруу | Дайыма | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
8 | Шаардык кеңештин депутаттарынын билим дэңгелин жогорулатуу максатында, тиешелүү адистерди чакыруу менен депутаттык окууларды өткөрүү | Зарылдыгына жараша | Шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаарда өткөрүлгөн массалык маданий, спорттук ши-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
10 | Сессияга даярдалган документтерди өз убагында көбөйтүп, депутаттарга жеткирүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
11 | Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды жалпылоо жана аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жана тиешелүү мекемелерге жөнөтүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө | Ар сессиядан кийин | Шаардык кеңештин аппараты |
12 | Шаардык кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы туралуу маалыматтарды шаардык кеңештин вэб-сайты аркылуу калкка жеткирип туруу | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
13 | Шаардык кеңешке келип түшкөн каттардыарыздарды жана башка документтерди өз убагында каттоо кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
Эскертүү:
Ченемдик укуктук мүнөздүү эмес маселелер демилгечи менен Майлуу-Суу шаардык кеңешинин кароосуна сессиянын башталышына 20 күн калганда киргизилет же туруктуу комиссиялардын иш планына киргизилиши мүмкүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңештин жоопту катчысы: |
Д.И. Караева |