Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 токтомуна 2-тиркеме |
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр тууралу" Мыйзамына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Бишкек шаарынын аймагындагы авто транспортту токтотуу үчүн жыйымдардын тартибин аныктайт (мындан ары - жыйымдар).
1.3. Авто транспортту токтотуу үчүн атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспортту токтотуу жыйымдын объектиси болот.
1.4. Жыйымдар Бишкек шаардык мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашат (мындан ары - мэриянын ыйгарым укуктуу органы).
1.5. Бул Жободо авто транспортту токтотуу деп, ушул максатта атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгиленген жерде убактылуу авто транспорттун токтотулушу түшүндүрүлөт.
1.6. "Атайын жабдылган орун" - бул Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн, тиешелүү белгилер, жол сызыктары менен белгиленген, авто транспортту талапка ылайык кароого убактылуу тосмолору жана башка каражаттары бар авто транспортту токтотуучу аянт.
1.7. "Бөлүнүп берилген жер" - бул Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгиленген, тиешелүү белгилер менен белгиленген авто транспортту токтотуучу аянт.
2.1. Авто транспортту коюу үчүн атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспорттун коюлушун ишке ашырган юридикалык жана жеке жактар жыйымдын төлөөчүлөрү болуп эсептелет.
3.1. Бир авто транспорт коюлуучу орундун эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнөн 10 пайыз эсебинде жыйымдын чени белгиленген.
3.2. Жыйымдардын чени Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен аныкталат.
4.1. Авто транспортту коюу үчүн атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспортту койгон учурда, бекитилген формадагы дүмүрчөктү алуу менен жыйым төлөнөт (№ 1 тиркеме).
4.2. Жыйымды төлөө жөнүндөгү дүмүрчөктүн формасы (мындан ары дүмүрчөк) Бишкек шаардык мэриясынын сунушу менен Бишкек шаардык кеңеште бекитилет.
4.3. Дүмүрчөктөр мыйзамда белгиленген тартипке ылайык мэриянын ыйгарым укуктуу органы катталган жер боюнча салык органында катталат. Дүмүрчөк отчет бере турган документ болуп эсептелет, дүмүрчөк белгиленген мыйзамдык тартипте сакталат.
4.4. Жыйымдын суммасы ай сайын, кийинки отчеттуулук айынын 20 числосунан кеч эмес, мэриянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке мыйзамда белгиленген тартипте катталган жери боюнча салык кызматынын ыйгарым укуктуу органына эсеп-кысапты берүү менен которулат.
5.1. Төлөөчүлөр өз убагында жана толук өлчөмүндө жыйымды төлөп турушу керек. Келишимдин шарттары бузулганда алар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
5.2. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы жыйымды которуу жана кабыл алууну, төлөөнүн мөөнөтүн жана жыйымдын суммасын өткөрүү тартибин бекем сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды тапшырбагандыгы, бюджетке жыйымды которуунун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн мэриянын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
5.3. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы эсептөөнүн жана алуунун тартибин, жыйымдарды төлөө мөөнөтүн жана суммаларын эсептөө тартибин толук сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды бербегендиги, жыйымдарды бюджетке которуу мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Мэриянын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5.4. Авто токтотмолордун ордун уюштуруу, аларды талапка ылайык кармоо жана дүмүрчөктөрдү даярдоо мэриянын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
5.5. Жыйымдардын суммасын жергиликтүү бюджетке өз убагында жана толук өлчөмдө которулушун Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөрү тууралуу" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык контролдоону салык кызматынын органдары жүргүзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Ю. Шкуропатов
|
| "Бишкек шаарынын аймагындагы авто транспортту токтотуу үчүн жыйымдардын тартиби жөнүндө" Жобого № 1 тиркеме
|
_______________________________________________________________________
Бишкек шаардык мэриясынын Бишкек шаардык мэриясынын
автотоктотмо жана авто коюучу автотоктотмо жана авто
дирекциясы коюучу жай дирекциясы
Дирекция парковок и автостоянок Дирекция парковок и автостоянок
мэрии г.Бишкек мэрии г.Бишкек
ИНН 01905200810135 ИНН 01905200810135
Серия ВА ______________________ Серия ВА ______________________
(каттоо номуру/ (каттоо номуру/
регистрационный номер) регистрационный номер)
ДҮМҮРЧӨКТҮН БӨЛҮГҮ/КОРЕШОК КВИТАНЦИИ ДҮМҮРЧӨК/КВИТАНЦИЯ
10 сом 10 сом
А/транспорттун м/номуру / А/транспорттун м/номуру /
Г/номер а/транспорта ______ Г/номер а/транспорта ______
Саат ____ саат ____ чейин Саат ____ саат ____ чейин
С ____ час. до ____ час С ____ час. до ____ час
Автотранспорттун сакталышы, Автотранспорттун сакталышы,
алардын ичиндеги баалуу алардын ичиндеги баалуу
буюмдар үчүн Дирекция буюмдар үчүн Дирекция
жоопкерчилик албайт. жоопкерчилик албайт.
За сохранность автотранспорта, За сохранность автотранспорта,
находящихся в них вещей и находящихся в них вещей и
ценностей, Дирекция ценностей, Дирекция
ответственность не несет. ответственность не несет.
_______________________________________________________________________
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Ю. Шкуропатов
|