Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 132/18-3
“Токмок ш.Аксакалдар соттору жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө
Токмок ш. Коомчулук кеңешинин төрагасы – Ыктыярдуу элдик кошуун штабынын башчысы М.К.Карыбековдун 28.01.2015-ж. чыг.№2 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. Аксакалдар соттору жөнүндө” жобосу бекитилсин.
2. Бул токтом “Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасына белгиленген тартипте чыгарылсын.
3.Токмок шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан, ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | Р. Таманбаев |
«Макулдашылды» Токмок шаардык соттун төрагасы Мамаев Ж.А. Токмок шаарынын прокурору Ишеналиев Т.К. Токмок ш. ИИБнын начальниги милициянын полковниги Кашкарлыков Б.М. | Токмок шаардык Кеңешнинин токтомуна тиркеме |
1.1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы №113 «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына ылайык, Токмок ш. аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга иштелип чыккан, Токмок ш. аймагында аксакалдар сотунун ишинин жобосу укуктук-ченемдик акт болуп эсептелет.
Иштелип чыккан аксакалдар соттунун Жобосу Токмок ш. ИИБнын начальниги, Токмок шаарынын прокурору, Токмок шаардык соттун төрагасы менен алдын ала макулдашылгандан кийин, Токмок шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан бекитилет.
1.2.Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
1.3.Аксакалдар соттору жарандардын, жергиликтүү кеңештердин чогулушунун чечими боюнча шаардын аймагында аксакалдардан - сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон эркектер жана аялдардан уюштурулушу мүмкүн.
1.4.Аксакалдар соттору юридикалык жак болуп эсептелбейт жана юстиция органдарында катталууга алынбайт. Аксакалдар сотторунун аталышы жазылган мөөрү жана штамптары болот.
1.5. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт (Жобо).
1.6.Аксакалдар соттору, ошондой эле өзүнүн ишинде өздөрүнүн абийирин, жеке ынанымдарын, Кыргызстандын элдеринин үрп-адаттарынан жана салт-санаасынан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ченемдерин жетекчиликке алышат.
2.1.Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери:
- жарандардын бузулган же талаш-тартышка түшкөн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
- мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого көмөк көрсөтүү жана Токмок шаарынын аймагында укук бузуулардын алдын алуу;
- жарандарды мыйзамды, үрп-адаттардан жана салттардан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун ченемдерин урматтоого тарбиялоо болуп саналат.
Аксакалдар соттору ынандыруу жана коомдук таасир көрсөтүү, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана республиканын мыйзамдары менен башка ченемдик актыларына каршы келбеген, акыйкат чечим чыгаруу жолу менен иштейт.
2.2. Аксакалдар соттору карайт жана чечет:
-жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жарандык иштер боюнча жергиликтүү соттор тарабынан жөнөтүлгөн;
-жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык коомдук таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн соттор, прокурорлор, прокурордун санкциясы менен тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн кыскартылган жазык иштери боюнча материалдарды.
2.3.Аксакалдар соттору тарабынан, ошондой эле тараптарды жана ушул Мыйзамда каралган башка иштерди жараштырууга жетишүү максатында мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү үчүн жарандардын өздөрүнүн арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) иштер каралышы мүмкүн.
2.4.Аксакалдар соттору мурда эле сот чечими чыгарылган, администрациялык жаза чаралар көрүлгөн же өзүнүн компетенциясынын чегинде аксакалдар сотунун чечими чыккан материалдарды кароого акысыз.
2.5.Аксакалдар сотунун сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде, болбосо ошол жердеги калктын көпчүлүгүнүн тилинде жүргүзүлөт.
2.6. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт. Он алты жашка чыга элек адамдардын иштеринде, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда тараптардын биринин өтүнүчү менен ишке катышкандардын жашоо-турмушунун купуя сырлары жөнүндө маалыматтардын таралышын алдын алуу максатында соттун жүйөлөштүрүлгөн чечими боюнча жабык жыйналышка жол берилет.
2.7. Аксакалдар соттору өзүнүн жыйналышында жыйналышка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угууга, судьяларда жана жыйналышка катышуучуларда болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.
2.8.Аксакалдар сотторунда иштер коллегиялдуу-төрагалык кылуучу менен соттун мүчөлөрүнүн курамында каралат.
2.9.Аксакалдар соту иштерди курамдын үчтөн экиси катышканда кароого укуктуу, алардын саны так эмес болууга тийиш
3.1.Аксакалдар соттору 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш.
3.2.Аксакалдар сотторунун курамына элүү жашка чыккан, жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, Токмок шаарынын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат. Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерлер жарандар (тургундар) жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлөт.
3.3. Аксакалдар соттору аймактык принцип боюнча түзүлө алат: кичирайондордо, кварталдарда, үй комитеттеринде.
3.4. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын жалпы чогулуштарында, ошондой эле Коомчулуктун кеңештеринин конференцияларында, Токмок шаардык кеңешинин сессияларында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Аксакалдар сотторунун төрагаларын өздөрүнүн ичинен аксакалдар сотторунун мүчөлөрү шайлайт.
3.5. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш Токмок шаардык Кеңеши тарабынан же болбосо 50 адамдан кем эмес жарандардын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. Шайлоо күнү жөнүндө билдирүү Токмок шаардык Кеңеши тарабынан бир ай мурда жүзөгө ашырылат.
3.6.Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган жарандар соттун курамына шайланды деп эсептелинет. Эгерде чогулушка ошол калктуу конуштун аракетке жөндөмдүү 50дөн кем эмес жарандары катышса, чогулуш ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан төраганы жана катчыны шайлашат.
3.7.Ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык уюштурулган аксакалдар соттору Токмок шаардык Кеңешинде катталат. Токмок шаардык Кеңешинин талабы боюнча аксакалдар сотун уюштурууга байланыштуу башка документтер да берилет.
3.8. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө Токмок шаардык Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан көрсөтүлгөн күбөлүк берилет.
3.9. Аксакалдар сотунун мүчөсү, эгерде ал талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо, иштерди (материалдарды) кароого катыша албайт.
Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу билдирүү:
- ишке катышкан жактардын арызы боюнча;
- аксакалдар сотунун башка мүчөлөрүнүн арыздары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
3.10.Аксакалдар сотунун мүчөсү 3.9.-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер менен өзүнүн баш тартуусу жөнүндөгү арызы боюнча баш тартууга тийиш.
3.11.Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүнүн баш тартуу билдирүү же өзүнүн баш тартуусу жөнүндөгү арызды карап, анын жыйынтыгында иштин маңызы боюнча чечим кабыл алат.
3.12.Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу аксакалдар сотунун өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечими боюнча жүргүзүлөт.
3.13.Жылына бир жолудан кем эмес аксакалдар соту өз ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы жарандардын чогулушунда маалымат берет.
3.14.Аксакалдар сотунун мүчөсү соттун курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:
- аксакалдар сотунун мүчөлүгүнөн баш тартуу;
- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өлүмү;
- ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүүсү;
- жашаган жеринин өзгөрүшү (ошол калктуу конуштан көчүп кетүүсү);
- жазык жоопкерчилигине тартылуусу жана соттолуусу;
- аксакалдар сотунун мүчөсүн чакыртып алуу.
Аксакалдар сотунун мүчөсү аны шайлаган жарандардын жалпы чогулушу, тийиштүү Коомдук кеңештердин конференциясы, болбосо, шаардык Кеңештин сессиялары тарабынан:
- эгерде ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албаса;
- татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу;
- эгерде укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасаса, кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Соттун чыгарылган мүчөсүнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Аксакалдар сотунун ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу соттун курамынан чыгарылган мүчөсү кайрадан шайланышы мүмкүн.
4.1.Аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:
а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө:
- мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;
- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;
- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;
- сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;
- ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча;
- зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;
- жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;
- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;
б) ата-энелердин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;
д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;
е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча.
5.1.Аксакалдар соттор ишти (материалдарды) ал сотко келип түшкөн учурдан тартып 15 күндүк мөөнөттө карайт. Зарыл болгон учурларда (материалдарды) иштерди кароонун мөөнөтү материалдарды суратып алуу, болбосо сотко катышуучулардын кошумча маалыматтарды берүүсүнүн мөөнөтүнө узартылышы мүмкүн, бирок ал 15 күндөн ашпайт.
Эгерде бир ай бою кворум болбой калган учурларда аксакалдар сотторунун башка чечими кабыл алынбаса, аксакалдар сотторуна тийиштүү мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары тарабынан өткөрүлүп берилген иштери (материалдары), ошондой эле жарандардан түшкөн арыздарды алар кайра суратып ала алышат.
5.2.Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды отурумга чакыруу соттун төрагасы тарабынан милициянын аймактык инспектору аркылуу жүргүзүлөт. Бул адамдарды кабарлоо өз учурунда, бирок кеминде үч күн мурда жүргүзүлөт.
5.3.Аксакалдар соту төмөнкүдөй учурларда ишти карайт:
- эгерде анын аймагында укук бузуулар болсо;
- жашаган жерине карабастан эгерде жоопкер анын аймагында жашаса арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча;
- эгерде укук бузуучу, болбосо жабырлануучу, жабырлануучу болбосо жоопкер анын аймагында жашаса башка аксакалдар сотторунун өтүнүчү боюнча. (материалдарды).
5.4.Аксакалдар сотторунун ишти (материалдарды) кароосу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп эсептелет:
а) жергиликтүү кеңештин же алардын аткаруу органдарынын сунуштамасы;
б) администрациялык жаза берүү укугуна ээ мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын берген иши;
в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;
г) жарандардын арызы;
д) башка аксакалдар сотторунун арыздары.
5.5.Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүнү соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсү жүргүзө алат.
Зарыл болгондо аксакалдар сотуна тартылган адам, жабырлануучу, күбөлөр сурак беришет же алардан түшүнүк алышат.
Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
5.6.Аксакалдар соту аксакалдар сотуна тартылган адамды, ошондой эле жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырууга милдеттүү.
Жоопко тартылгандар, анын катышуучулары кошумча материалдарды суратып алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен сотко кайрылууга укуктуу.
5.7.Ишти (материалдарды) кароо үчүн белгиленген убакытта төрага, болбосо анын тапшыруусу боюнча аксакалдар сотунун бир мүчөсү аксакалдар сотунун жыйналышын ачат жана кайсы иштер (материалдар) карала тургандыгын жарыялайт.
5.8.Төрагалык кылуучу жыйналыш ачылгандан кийин сотко чакырылган адамдардын келгендигин тактайт, сотко тартылганга, жабырлануучуга жана процесстин башка катышуучуларына алардын укуктары жөнүндө түшүндүрөт, ошондон кийин адамдардан соттун курамынан баш тартуу же расмий өтүнүчтөрү бар же жок экендигин, ал эми мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын алардын ишин аксакалдар сотунда кароосуна макулдугун тактайт.
Процесске катышып жаткан адамдар далилдерди текшерүүгө катышууга жана расмий өтүнүч билдирүүгө, анын ичинде кошумча материалдарды суратып алууга укуктуу.
5.9.Баш тартуу жана расмий өтүнүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу сотко тартылган адамдын жоругунун же укук бузуусунун олуттуулугун, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүнүн, ал эми жарандардын арыздары боюнча талаш-тартыштын жүйөсү жана маңызы боюнча натыйжасын баяндайт.
Сот андан кийин сотко тартылгандын, жабырлануучунун, жоопкердин, күбөлөрдүн жана башка процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угат жана иш боюнча зарыл материалдардын бардыгын карайт.
Процесске катышуучулар тарабынан толуктоолор жок болсо, төрагалык кылуучу ишти кароо аяктады деп жарыялайт жана сот чечим чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.
Кандайдыр бир кошумча маалымдоолорду же маалыматтарды алуу зарыл болуп калган учурда, сот жоруктун же укук бузуунун жарандардын арызынын олуттуулугу боюнча чечим чыгарбастан туруп, кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө которууга укуктуу.
5.10.Иш каралып жаткан учурда аксакалдар сотунун мүчөсү протокол жүргүзөт. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун курамы жөнүндө маалымдоолор, иштин мүнөзү, аны кароонун убактысы жана орду, ишти кароодо аксакалдар сотунун заседаниесине катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар, алардын арызы жана кыскача сөзү (түшүндүрмөсү, расмий өтүнүчү) жана кабыл алынган чечим камтылууга тийиш.
Аксакалдар сотунун заседаниесинин протоколуна төрагалык кылуучунун жана катчынын колу коюлат.
6.1.Аксакалдар сотунун олуттуулугу боюнча чыгарылган токтому чечим түрүндө болот.
Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун бардык мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берет, ал чечимге тиркелет.
6.2.Сот чечиминде соттун заседаниесинде текшерилген гана далилдерге негиздейт.
6.3.Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалып, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- чыгарылган чечимдин убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, ишти кароого катышкан соттор менен адамдардын курамы;
- талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну;
- сот тарабынан аныкталган иштин жагдайы, иштин жагдайы жөнүндө сот чыгарган тыянактын далилдери, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйө-себептери;
- чечим кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар;
- каралган материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутунду;
- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;
- чечимди аткаруунун мөөнөтү.
Чечимге аксакалдар сотунун заседаниесинде ал жарыяланганга чейин төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн колу коюлат.
7.1.Аксакалдар соту сотко тартылгандын күнөөсүн аныктоо менен төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирөөнү колдонуу жөнүндө чечим чыгарат:
а) эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук уяткаруу жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө акчалай жазапул салуу.
Үй-бүлөлүк талаш-тартышта сот каралып жаткан талаш-тартыштын негизи боюнча чечим кабыл алат.
Эгерде аксакалдар соту мүлк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын жарашуусуна жетише албаса, ал каралып жаткан иштин негизи боюнча чечим кабыл алат.
Администрациялык укук бузган адамга карата колдонулган коомдук таасир көрсөтүү чарасы жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттүн ичинде материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
Сот адамдын кадыр-баркына шек келтирген жаза жөнүндө чечим чыгарууга акысы жок.
Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана кеңири чечмеленүүгө жатпайт.
7.2. Токмок ш. түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруудагы Коомдук кеңешинин алдындагы аксакалдар соту салган акчалай жаза пулдар төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт:
30 пайызы - жергиликтүү бюджетке;
70 пайызы - аксакалдар соту түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруудагы Коомдук кеңештин эсебине.
Токмок ш.Коомдук кеңеши банкта өз эсебин ачууга укуктуу.
8.1.Аксакалдар сотунун чыгарган чечимине чечим чыгарылган адам жана ишти кароого катышкан башка адамдар тарабынан чечим чыгарылгандан тартып 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
Даттануу Токмок шаардык сотко берилет.
Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде шаардык соттун судьясынын жеке өзү тарабынан каралат. Мында судья аксакалдар сотунун чыгарган чечими Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле иштин жагдайларына ылайык келишин текшерет.
8.2.Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү, болбосо мүлктүк өндүрүү жөнүндөгү аксакалдар сотунун чечими сотко тартылган адам тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Аксакалдар соту өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук кылат.
8.3.Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасы Токмок шаардык соту тарабынан берилет.
8.4.Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз анын пайдасына чечим чыгарган тараптын Токмок шаардык сотуна берилет. Арыз чечимди аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилиши мүмкүн. Арызга аксакалдар сотунун чечими аткарылбай калгандыгын ырастоочу документтер тиркелет.
8.5.Белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүү менен, болбосо зарыл документтер тиркелбей берилген арыз, Токмок шаардык соту тарабынан каралбастан кайтарылып берилет.
Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүлүп жибергенде тараптардын өтүнүчү боюнча мөөнөт шаардык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
9.1.Токмоку ш. аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.2.Токмок шаардык аксакалдар сотторунун каражаттарды пайдалануу тартиби ушул Жобо менен белгиленет.
9.3. Токмок шаарынын коомдук Кеңешинин эсептик счетунда чогултулган акчалай каражаттар аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоого багытталат.
9.4.Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн шыктандырууга каралган акчалай каражаттар эмгек акы, гонорар, стипендия турак-жай коммуналдык тейлөөлөргө төлөм боюнча жеңилдик түрүндө багытталса болот.
9.5.Аксакалдар сотторун кармоого чыгаша сметасы коомдук Кеңеши тарабынан түзүлүп, Токмок шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
9.6.Аксакалдар сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам Токмок шаардык соту тарабынан көрсөтүлөт.
9.7. Аксакалдар сотторунун отурумунда укук тартибин, ошондой эле зарыл болгон учурда аксакалдар сотторунун отурумуна укук бузгандарды, жооп берүүчүлөрдү мажбурлап алып келүүнү Токмок ш. ички иштер бөлүмү камсыз кылат.
9.8.Аксакалдар соту каралган иштин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.
9.9.Аксакалдар соттору өзүнүн иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес аны түзгөн жарандардын жалпы чогулушуна, Коомдук кеңештин конференциясына, Токмок шаардык Кеңешинин сессияларына отчет берет.
9.10. Аксакалдар соттору тарабынан иштер каралгандан кийин материалдар Токмок шаардык Кеңешине сактоо үчүн өткөрүлүп берилет.