Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 30-1
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын май айындагы шайлоого карата көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктчасын, «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1,2,4-пункттарын жана Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн Н. Исанов айылдык округунун аймагындагы элдүү пункттардагы калктын саны боюнча 2015-жылдын 1-январына карата берген маалыматын негиз кылып, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов айылдык кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын 17-май айындагы шайлоого карата Н.Исанов айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет) .
2. Н.Исанов айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун өз дарегине жетишин камсыз кылуу жагы айыл Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |
| Н.Исанов аытндагы айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 2015-жылдын 19-март айындагы кезексиз 30-отуруму сессиясы. №30-1 токтомуна тиркеме. |
№ | Шайлоо округунун №, мандаттын саны ,аталышы | Шайлоо округундагы калктын саны | Шайлоо оргундун чек ара аймагы | Шайлоочулардын саны | Шайлоочунун санына эсептел-н бир мандаттын саны | Бир мандатка тура келген шайлоочунун саны |
1 | № 4 мандаттуу Чөч-Дөбдө шайлоо округу | 3547 | Кичик Алай айылы толугу менен Чеч-Дөбө айылы Анаров Исраилдин үйүнөн төмөн жагы А.Шеркулов көчөсүндөгү А.Осмонов мектебинин айланасында жашаган айыл тургундары толугу менен кирет. | 1434 | 387 |
|
2 | № 4 мандатуу Жар-Коргон шайлоо округу | 3774 | Жар-Коргон айылындагы күн чыгыш тарабындагы Артыков Нурландын үйүнөн төмөнкү жагы К.Абдыкалыков көчөсүндөгү жашаган айыл тургундары толугу менен кирет. | 1436 | 387 |
|
3 | № 5 мандатуу Кошчан шайлоо округу | 5071 | Кожеке айылындагы күн чыгыш тарабы Көп кыштоо кичи айылындагы жашаган Сыдыков Маматалинин үйүнөн төмөнкү жагы Ш.Камалов атындагы көчөсүндөгү жашаган Исмаилов Алтынбектин үйүнө чейинки жашаган айыл тургундары толугу менен кирет. | 2141 | 387 |
|
4 | № 2 мандатуу Жаңы-Базар шайлоо округу | 2000 | Жаңы-Базар айылындагы күн чыгыш тарабындагы Дыйканов Раимжандын үйүнөн төмөнкү жагы Н.Исанов атындагы көчөсүнөн Байыш орто мектебинин айланасындагы Акчабу айылындагы жашаган айыл тургундары толугу менен кирет. | 748 | 387 |
|
5 | № 6 мандаттуу Күнгөй-Кожеке шайлоо округу | 5031 | Күнгөй-Кожеке айылындагы күн чыгыш тарабы Б.Алибаев атындагы көчөсүндө жашаган Эсеналиев Абдырахмандын үйүнөн төмөнкү жагы Ош көчөсүндөгү жашаган Төрөбаев Топчубайдын үйүнө чейинки жашаган айыл тургундары толугу менен кирет. | 2376 | 387 |
|
Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |