Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № XX-3
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт
пайдалануучулар бирикмесинин 2014--жылда
аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун 2014-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2014-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүнгө отун акы 1000 (бир мин) сом, ар бир баш кара мал үчүн жайыт акысы 119 (бир жүз токсон тогуз) сом, бир баш жылкыга 200 (эки жүз) сом, бир баш койго 30 (отуз) сом, жакынкы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 30 (отуз ) сом, алыскы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 45 (кырк беш) сом, коңушу айыл өкмөттөрүнөн келген кара малга 500 (беш жүз) сом, ал эми кой, эчкилерге 100 (жүз) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
3. Ортонку жайыттардан эгин айдоо жана чөп чабуу үчүн тосуп алган ар бир сотых жер үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жакынкы жайыт жерлеринен:-кайрак суу чыкпаган жайыт жерлеринен ынгайсыз деп өздөштүрүлгөн жерге ар бир сотых жерге 30 (отуз) сомдон, суу чыккан өздөштүрүлгөн жайыт жерлери үчүн ар бир сотых жер аянтына 40 (кырк) сомдон акча өндүрүү белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча жана «айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
Кызыл-Булак айылы 21-январь, 2015-жыл.
Жыйынга катышкандардын саны: 52 киши.
Жайыт призидиуму. НРАӨБ нын башчысы - М.Турдуев, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы-Н.Мадимаров, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы – А.Ажибаев, Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар ассосоциясынын төрагасы – Т.Жолдошов, Көк-Жар ЖПБ нин төрагасы А.Карабаев.
Күн тартибиндеги маселелер:
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кулатов жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов доклад жасап, төмөнкүлөргө токтолду: 2014-жылга божомол бюджети 415 726 сомду түзсө, анын аткарылуусу 554 400 сомду түздү. Б.а 133%ке аткарылды. Аткарылган бюджеттин чыгашасы: Жайыт салыгына – 77 470 сом, 3% сатуудан түшкөн салык - 12 000 сом, соц.фонд – 23 000 сом, транспорттук чыгым – 42 300 сом, эмгек акыга – 75 000 сом, түрдүү чыгымдар – 2830 сом, жайыт инфраструктурасына – 317 000 сомду түздү. Инфраструктурага жумшалган акча каражатына токтолсок. үч-Терек жолуна Ветеринардык жайыт посту курулду ага 141000 сом .Ошол эле участкага Көк-Кыядан түшкөн жолдогу дарыяга көпүрө орнотуу 72000 сом.Абшырсай участкасында Кара-Дөбө жайытына чыгуу жолго көпүрө курулуп ага 97000 сом.Табигий жайыттарындагы чөп чабылчу Сасык булак,Көк-Жалаң жайыттарынын жолун ремонтоого 9000 сом.Кайрыгач көчөтүн орнотууга 7000 сом. Бадам уругун сатып алууга 8000күнгөй жайытын кароо үчүн кароого 6000 сом акча сарпталды.
Экинчи маселе боюнча РЕВ ком жардамчысы Эралиев Келдибек сөзгө чыгып 2014-жылдагы аткарылган иштерди 100% бүткөрүлгөндө көзөмөл жүргүзүлүп, кароосуз калган жайыттар 2-3 жылдан бери чоң-чоң өзгөрүүгө учурай баштап, көпүрөлөр курулуп, булактар оңдолуп жайыт ээси табылгандыгына басым жасап аткарылган жумуштардын сапаты, чыгымдары канаттандырарлык экендиги белгиленди.
үчүнчү маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов отчет берип, төмөнкүлөргө токтолду. 2015-жылга божомол бюджет - 468,530 сомду түзүп- алар негизинен жайыт пайдалануучулардан жайыт акысы үчүн - 433530 сом, жайытты кыйыр пайдануучулардан 35000 сом жыйналары пландаштырылган. Божомол бюджеттен чыгаша бөлүгү болсо жайыт налогу 77470 эмгек акы 138000 сом транспорттук чыгымга 40,000 сом, сапар чыгымына 10,000 сом. Сатуудан түшкөн 3% салыкка 13,636 сом.
Инфраструктурага 155000 сом жана түрдүү чыгымдарга 10619 сом каралгандыгы белгиленди.
Төртүнчү маселе боюнча Ж.К төрагасы К.Рустамов билдирүү жасап – айыл айылда жыйын өткөрүлгөндө айылдарда өкүл шайлангандыгын (тиркеме тиркелет) ошол тизмени колдоп берүүнү өтүндү. Жарым сөзгө Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров чыгып, биринчиден ветеринардык жайыт постун куруу өзүнүн натыйжасын көрсөткөндүгүн, инспекторлордун санын көбөйтүү боюнча жана жайыт комитети менен тыгыз байланышта иш алып барары жөнүндө сөз сүйлөдү.
Бешинчи маселе боюнча сөз алгандар: Исаков Абдивали, Сарыбай айылында малга жайыт жетишпестигин башка жактан жайыт берүүнү билдирди. Камчиев Аким жакынкы жайыттар аябай такырлангандыгы, аларды коргоо керектиги, алыскы жайытка малды тегиз айдоону уюштурууну сунуштады. Исраилов Бегали, өзүбүздө жайыт жетишпей жаткан башка жактан келип жаткандыгы жөнүндө сөз сүйлөдү. Турдуев Мухамед ветеринардык жайыт постунун натыйжалуулугуна токтолуу менен ал жерге малды убактылуу кармоого жайдын жылуулугуна жана пункутка жакын жерге купка куруу зарылдыгын айтты. Андай кийин Эралиев Келдибек, Базарбаев Нурали, Нарматов Жанибек, Алайчиев Мурзали, Балтабаевдер да сөзгө чыгып өздөрүнүн сөзүндө, былтыр эгилген эспорцет себүү жөнүндө, Доңуз Булагын куруу жөнүндө, Багланда мал айдоого жол жоктугун, жайыттарды жакшыртуу ал жерге эспорцет уругун жана башка урук себүүнү уюштурууга, башка жактан алып келинген малдарга контролду күчөтүү керектигин, штрафтар аз экенин, башка жактан келгендер акы төлөп коюп биздин жайытка келе берип жаткандагына токтолду.
Жогорудагы суроо жооп, талап сунуштар талкууланып жалпы жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ: