Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 41/8-3
“Токмок шаарынын муниципалдык
менчик башкармалыгы жөнүндө”
Жобосун кароо жөнүндө
Сунушталган “Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” Жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” Жобосу (тиркеме) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирилсин.
2. Токмок шаардык Кенешинин 2012-жылдын 2-февралындагы №256/42-2 токтому күчүн жоготуу деп саналсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | Р.Таманбаев |
Токмок ш. Кеңешинин
2013-ж. 21 февраль
№41/8-3 токтомуна тиркеме
I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Функциялары
IV. Ишин башкаруу жана уюштуруу
V. Ишмердүүлүгүн каржылоо жана отчеттуулугу
VI. Материалдык сыйлоо фонду
VII. Жоюу жана кайра түзүү
I. Жалпы жоболор
1.1.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары-Башкармалык), шаардын муниципалдык менчигин башкаруудагы стратегиялык мамилени иштеп чыгууда жана ушул менчикти каржылоого жана кармоого карата тиешелүү саясатты кабыл алууда, муниципалдык менчик боюнча маалымат базасын камтуу менен, сарамжалдуу пайдалануу үчүн зарыл маалыматтарды көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүүдө, Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун колдогон мэриянын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
1.2.Башкармалык өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Башкармалык уюштуруучулук-укуктук формадагы – Мекеме, юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча теңдеми жана банк мекемелеринде эсеби, бюджеттик эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби тартылган мамлекеттик жана расмий тилдеги өз аталышы менен тегерек мөөрү, ошондой эле штампы, бланктары жана башка кабыл алынган реквизиттери бар. Сотто доогер жана жоопкер боло алат.
1.3.Расмий аталышы
мамлекеттик тилде: “Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы”;
расмий тилде: “Управление муниципальной собственности города Токмок” .
1.4.Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Токмок шаары, Ленин көчөсү 385.
1.5.Башкармалык өз ишмердүүлүгүндө Токмок ш. мэриясынын алдында отчет берет. Башкармалыктын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү Токмок ш. мэриясы жүргүзөт.
1.6. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматчылар болуп эсептелишет.
1.7.Башкармалык өз ыйгарым укуктарынын алкагында, Токмок
шаарынын мүлктүк кызыкчылыктарын көрсөтөт.
1.8.Башкармалык өз ишмердүүлүгүн башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка мекемелер, бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана жарандар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
II. Башкармалыктын негизги милдеттери
2.1. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
-Токмок шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана тейлөө;
-стратегиялык, ыкчам жана каржы пландарын, муниципалдык кыймылсыз мүлктү жана жер тилкелерин менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-Токмок ш. муниципалдык менчик объектилерин башкарууга жеке секторду тартуу;
-Токмок ш. турак жай фондун натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
-маалымат базасын, анын ичинде электрондук базаны, кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигин, укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү иштерди топтоп, такталган белгиленген чек аралар, техникалык документация менен архив ишин түзүүнү камсыздоо;
-Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарына ылайык, Токмок ш. кыймылсыз мүлк укуктарына Мамлекеттик каттоону камсыздоо;
-Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин талаптагыдай каттоону жана реестр жүргүзүүнү уюштуруу;
-Токмок шаарынын муниципалдык объектилерин жана жер тилкелерин акы төлөтүү менен жана акысыз жеке менчик укугуна же ижарага берүү тартибин иштеп чыгуу;
-Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги объектилерге талаптагыдай бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү камсыздоо;
-Токмок ш. муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө натыйжалуу келишимдерди жана каржылык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларын, мыйзам менен белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана Токмок шаардык Кеңешине же Токмок ш. мэриясына кабыл алуу (бекитүү) үчүн берүү;
-шаардын тиешелүү комиссиясынын кароосуна функционалдык мааниси боюнча кыймылсыз мүлккө сунуштарды жана мүлктүк аныктамаларды даярдоо;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын жоболоруна ылайык, сатып алуулардын процедурасын уюштуруу жана өткөрүү;
-сатып алуулардын максималдуу натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыздоо;
- сатып алуулардын процедурасынын ачыктыгын камсыздоо;
- Токмок ш. муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө менен байланышкан башка милдеттер.
III. Башкармалыктын функциялары
3.1.Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттер менен төмөнкү функцияларды аткарат:
-Токмок шаарынын муниципалдык менчигин сарамжалдуу пайдалануунун максаттуу жана комплекстик программаларын иштеп чыгат;
-Мамкаттоо жана архитектура органдары менен бирдикте, муниципалдык менчиктин жер тилкелерин жеке менчикке же ижарага берүү боюнча сунуштарын даярдайт;
-Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестрин жүргүзөт;
-өз компетенциясындагы муниципалдык менчик боюнча талаш-тартыштарды чечет;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ижарага берүү боюнча аукционду же конкурсту өткөрүүгө документацияны түзөт;
- кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу менен укуктарды берүүгө баалоону, документацияны даярдоону жана топтоону жүргүзүү;
-Токмок ш. муниципалдык менчигин сатып алуу-сатууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө, акысыз өткөрүп берүүгө ж.б. келишимдерди түзүү;
-Токмок ш. муниципалдык менчигин ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугу бар мекемелер, ишканалар менен келишим түзүү;
- ээсиз калган кыймылсыз мүлктү Токмок ш. муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча зарыл документтерди топтоо жана иш-чараларды жүргүзүү;
-Токмок ш. турак жай комиссиясынын кароосуна зарыл документтерди даярдоо жана топтоо;
-турак жай шартын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алуу жана каттоого коюу;
-мыйзам менен белгиленген тартипте, турак жай аянтына ордерлерди тариздөө жана берүү;
-Токмок ш. турак жай фондунун батирлерин менчиктештирүү боюнча иштерди жүргүзүү;
-Токмок ш. турак жай фондунун сакталышына жана максаттуу дайындалышына көзөмөл жүргүзүү;
-жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандарды каттоо журналын жүргүзүү;
-мыйзам менен белгиленген тартипте, Башкармалыкка түшкөн жарандардын кайрылууларын кароо;
- Токмок ш. муниципалдык менчик объектилерин жыл сайын мүлк каттоодон өткөрүү;
-муниципалдык менчик объектилерин убактылуу пайдаланууга берүүнүн каржылык көрсөткүчтөрүн талдоо, тарифтердин түзүлүшүн жана иш жүзүндөгү кирешелерди жана чыгашаларды камтуу менен, белгиленген тартипте тарифтерди жана кыймылсыз мүлктүн ижара наркын түзөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуулардын планын натуралдык жана жалпыланган түрдө берүү;
-ар бир өткөрүлгөн тендерге сатып алуулар ыкмасын тандоону ишке ашыруу;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен сатып алуулардын тандалган ыкмасын макулдашуу;
-сатып алуу процедурасын жүргүзүү боюнча тендердик документацияны жана башка документацияны иштеп чыгуу;
- массалык маалымат каражаттарына алдыдагы соодалашуу жөнүндө жарыялоо;
-тендердик табыштамаларды берүү үчүн акыркы мөөнөттү белгилөө;
-сатып алуу процедурасынын катышуучулары менен кандайдыр бир маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-сатып алуу процедурасын өткөрүү боюнча анын ачылышына чейин, кеңешмелерди, тендердик комиссиянын мүчөлөрүн нускамадан өткөрүү;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуу процедурасынын протоколун берүү;
-сатып алуу процедурасына тиешелүү болгон тендердик документтерди чогултууну жана сактоону, жабдуучулардын (подрядчиктердин) табыштамаларын жана башка документацияны камсыздоо;
-муниципалдык менчикти бардык пайдалануучулары тарабынан, муниципалдык менчик объектилерин кармоо, колдонуу жана оңдоо боюнча келишимдик милдеттерди сактоосун талдоо жана көзөмөлдөө;
- муниципалдык менчикти башкаруу Концепциясынын, токтомдордун, жоболордун жана буйруктардын долбоорлорун, Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги бош (эч нерсе курула элек) жер тилкелерин башкаруунун стратегиялык планын, Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги объектилерди менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүүгө Токмок шаардык кеңешине жана Токмок ш.мэриясына берүү.
IV. Башкармалыктын ишин башкаруу жана уюштуруу
4.1.Башкармалыкты башкаруучу жетектейт, ал Токмок ш. мэри тарабынан кызматка бекитилет жана кызматтан бошотулат.
Башкармалыктын башчысы:
- Башкармалыктын ишин уюштурат, жеке башчылык принциптеринде аракет кылат, өз компетенциясынын чегинде, Башкармалыктын ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык маселелерди өз алдынча чечет, Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчиликти тартат;
-келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, Башкармалыктын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон, Башкармалыктын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат, акча каражаттарын тейлейт, Башкармалыктын мүлкүн башкарат;
-башка юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилелерде Башкармалыктын атынан чыгат;
-кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча ишти уюштурат, Башкармалыктын аппаратынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматка дайындайт жана бошотот;
-кызматтык нускамаларды бекитет жана Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
-шаардын мэрине Башкармалыктын аппаратынын штаттык тизимин жана түзүмүн бекитүүгө берет;
-Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде, Башкармалыктын жумушчу күн тартибин аныктайт;
-кийин шаардын мэринин бекитүүсү менен, бекитилген эмгек акы фондунун чегинде материалдык сыйлыкты жана өзүнчө фонддон материалдык сыйлыкты камтуу менен, Башкармалыктын кызматчыларынын эмгек акы шарттарын жана формасын аныктайт;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзүнө баш ийген кызматчыларына карата тартиптик жазалоо чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
-мыйзамга ылайык, Башкармалыкта муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди чечет, анын ичинде:кадрдык резервди түзүү, Башкармалыктын кызматчыларын тандоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, белгиленген учурларда аттестацияларды, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, класстык чендерди ыйгаруу, кызматтык эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү белгилөө;
-белгиленген тартипте Башкармалыктын кызматчыларын иш сапарга жөнөтүү маселелерин чечет;
-мыйзамга ылайык, Башкармалыкка бекитилген мүлктү жана каражаттарды тескейт;
-каржы документтерине кол коет, каржылык жана эсептик тартипти сактоону камсыздайт;
- Башкармалыктын кызыкчылыктарын соттордо көрсөтөт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жактарга, берилген бардык укуктар менен пайдаланат, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашууларды түзөт;
Башкармалыктын башкаруучусунун орун басары, функционалдык милдеттери жана Башкармалыктын башкаруучусунун буйруктары менен белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенет жана төмөнкүлөргө укуктуу:
-Башкармалыктын кызыкчылыктары үчүн зарыл аракеттерди жүргүзүүгө;
-башкаруучу жокто аны алмаштырууга;
-келишимдерди түзүүгө, ижара төлөмдөрүнүн эсебин бекитүүгө;
- Башкармалыктын кызыкчылыктарын соттордо көрсөтөт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жактарга, берилген бардык укуктар менен пайдаланат, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашууларды түзөт;
-башка укуктарга жана милдеттерге.
V. Башкармалыктын ишмердүүлүгүн каржылоо жана отчет берүүсү
5.1.Башкармалыктын ишмердүүлүгү, жергиликтүү бюджеттен жана Токмок ш. муниципалдык менчигин башкаруудан жана тескөөдөн алынган башка кирешелерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан каржыланат;
5.2.Башкармалык белгиленген тартипте, жергиликтүү бюджетке кошуу үчүн өзүнүн чыгашалар сметасын түзөт жана Токмок ш. мэриясына берет. Башкармалыктын чыгашалары, ушул Жободо каралган Башкармалыктын милдеттерине ылайык пландаштырылат.
5.3.Башкармалык, квартал сайын Токмок ш. финансы бөлүмүнө, бухгалтердик теңдемди, ал эми жылдын жыйынтыгы боюнча- жыйынтыктоочу бухгалтердик теңдемди жана Токмок ш. муниципалдык менчигин башкаруунун жана тейлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетту берет.
5.4.Башкармалык, Токмок ш. муниципалдык менчигин башкаруунун жана тейлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетту Токмок шаардык Кеңешине берет.
VI.Материалдык сыйлоо фонду
6.1. Башкармалыктан түшкөн бекитилген көрсөткүчтөр ашыра аткарылган учурда, ашыра аткарылган сумманын пайыздары, Токмок ш. мэриясынын буйругунун негизинде, Башкармалыктын кызматчыларын сыйлоо жана кызыктыруу үчүн, аларды сыйлоонун материалдык фондуна берилет.
6.2.Материалдык сыйлоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнү, Башкармалыктын башкаруучусу жүргүзөт, ал эми Башкармалыктын кызматчыларын сыйлоо эмгекке катышуунун коэффициентине ылайык жүргүзүлөт.
VII. Башкармалыкты жоюу жана кайра түзүү
Башкармалыкты кайра түзүү жана жоюу жөнүндөгү чечимди, Токмок ш. мэринин көрсөтүүсү боюнча жергиликтүү Кеңеш бекитет.
Башкармалыкты кайра түзүү жана жоюу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте, шаардын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
Токмок шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы В.Исалиева