Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-июну № 11
«Кара-Балта шаарынын суу түтүгүн
жана канализацияны колдонуу эрежеси”
жана “Кара-Балта шаарынын канализациясына
өндүрүш агынды сууларды кабыл алуу эрежеси” жөнүндө
“Өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 беренесине, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын бузууларды четтеттүүгө жазма эскертүүсүнүн 11.02.2015 - жылдын № 01-7/78 4 жобосуна, жана ошондой эле “Кара-Балта суу каналы” МИ директору В.Х.Алеевдин маалыматына ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Балта шаарынын суу түтүгүн жана канализацияны колдонуу эрежеси” жана “Кара-Балта шаарынын канализациясына өндүрүш агынды сууларды кабыл алуу эрежеси” жөнүндө “Кара-Балта суу каналы” МИ директору В.Х.Алеевдин маалыматы эске алынсын.
2. «Кара-Балта шаарынын суу түтүгүн жана канализацияны колдонуу эрежеси” жана “Кара-Балта шаарынын канализациясына өндүрүш агынды сууларды кабыл алуу эрежеси” бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде “Кара-Балта суу каналы” МИ эрежелерди каттоодон өткөрсүн.
4. Токтомдун ишке ашырылышы уюштуруу укук маселелери, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрага: | Т. Суюмбаев |