Загрузка документа…
Кара-Баолта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4июну № 11 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жобо.
2. Шаардык канализацияга ташталган ѳндγрγштγк агынды сууларга коюлган талап.
3.Шаардык канализациялык системасына ташталган ѳндγрγштγк агынды сууларга текшерγγ жγргγзγγ
1.Жалпы жоболор.
1.1. Ушул Эреже Кара-Балта шаарынын канализациясына ѳндγрγштγк агынды сууларды кабыл алуусуна талаптарды аныктайт.
1.2. Эрежелер негизделген:
- 5.09.1994-ж. Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин Кыргыз Республикасында жер γстγндѳгγ агынды сууларды кабыл алуу эрежелеринин негизинде;
- 9.08.1993-ж Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин Кыргыз Республикасында жер γстγндѳгγ сууларды сактоо эрежелеринин негизинде.
1.3.¤ндγрγштγк агынды сууларды шаардык канализациясынын торчосуна таштаган баардык ѳндγрγштγк ишканаларга,мекемелерге ж.б. юридикалык жактарга ведомстволык тиешесине карабастан ушул Эрежелер милдеттγγ.
1.4. Ушул Эрежелердин сакталышы «Кара-Балта суу каналы»МИси кѳзѳмѳлдѳйт.Эгерде Эрежелер бузулса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кγнѳлγγлѳр жоопкерчилике тартылат.
2. Шаардык канализацияга ташталган ѳндγрγштγк агынды сууларга болгон талап.
2.1. Шаардык канализацияга «Жер γстγндѳгγ сууларды коргоо эрежелерине» жооп берген канализациялык торчолоруна жана курулуштарына зыян келтирбеген ѳндγрγштγк агындуу суулар кабыл алынат
2.2. Шаардык канализацияга ѳз курамында :
- адам γчγн коркунучтуу болгон газдардын бирикмеси(кѳмγр кычкылтеги,ционид суутеги ,кγγкγрт кычкылтеги,учуп кетγγчγ жытуу кѳмγр суутегинин буусу ж.б);
-радиоактивдγγ заттар;
-коркунучтуу бактериалдык булгануулр;
-шаардык канализациясына зыян келтирген заттар;
-шаардык канализацияны булгаган нерселер же кум,гипс,темир таштандыларын пайда кылган заттар;
-агынды суулардын биологиялык тазалышын тѳмѳндѳткѳн заттар;
-ээрибеген майлар,мазут;
-оор кычкылданган биологиялык заттар;
-биологиялык сыртткы активдγγ заттар (катуу),(ПАВ);
-жогорку мγмкγнчγлγктγγ концентрация коюлбаган заттар (ПДК),
-температурасы 40 С ден жогору болгон рН 6,5 тен ылдый жана 9 ѳйдѳ болгон ХПК (кычкылтектин химиялык талабы) жогору БПК 5 (кычкылтектин биологиялык талабы), 2,5 жогору болгон же БПК 1,5 эсе жогору болгон ѳндγрγштγк агынды суулар.
2.3. Шаардык канализацияга тѳмѳнкγлѳр ташталбайт:
-кубтук жана кγмγрт концентрацияланган эритмелер;
-двенаждык суулар жана ченемдик таза ѳндγрγштγк агынды суулар;
-ѳндурγштγк ишканалардын жеринен аккан γстγнкγ суулар (жаан,эриген ж.б.);
-локалдык тазалагыч курулуштардан турдунмалар,жер,курулуш жана тиричилик таштандылар,ѳндγрγштγк таштандылар;
-ѳндγрγштγк агынды суулар,механикалык булганууларды же минералдык заттарды кармаса (анын ичинде ТЭЦтин курамына суу даярдагычтан).
2.4. Канализация системасына агындуу сууларды таштоо,текшеричγγ кудугу бар тγзγлγшγ менен ташталат.Кѳрсѳтγлгѳн чыгуулар ѳндγрγштγγ ишканалар жана абоненттер менен,автоматтык сыноо алгычтар,чыгыша ченегичтер агындыларды келγγсγн жабуучу тγзγлγштѳр менен жабдылышы керек жана агындуу суулардын сапатын текшерγγ туруктуу керек.
2.5. ¤ндγрγштγк агындуу суулар шаардык канализацияга зыян заттар ПДКны ачпаса кабыл алынат 1 тиркемеде кѳрсѳтγлгѳн заттар болсо таштоого тыю салынат.
2.6. ПДКага жетиш γγн ѳндγрγштγк агындуу сууларды таза суулар менен кошууга тыю салынат.
2.7.Эгерде ѳндγрγштγк агындуу суулардын курамы сутка ичинде ѳзгѳрсѳ ѳндγрγштγк ишканаларда жана абоненттерде ѳндγрγштγк агындуу суулардын бир калыпта агуусун камсыз кылган ортологучтар орнотулуш керек.
2.8. ¤ндγрγштγк агындуу суулар дагы зыян заттардын ПДКасы тѳмѳнкγлѳрдγ эске алуу менен аныкталган:
-ѳндγрγштγк агындыларды чарба агындылар менен кошуу;
-булгоочу заттарды тазалагыч курулуштар менен кармоо;
-тазаланган сууну таштоо шарттары.
2.9. 1-тиркемеде кѳрсѳтγлгѳн ПДК кыйшаюулары бар ѳндγрγштγк агындарды кабыл алууну «Кара-Балта суу каналы»МИси ѳзгѳчѳ учурларда макулдашууга укугу бар.
2.10. Шаардык канализацияга кирген бирок шаардык тазалоо курулуштарына жиберилбеген агынды сууларды кѳлмѳлѳргѳ агызуу талабына ылайык бекитилет.
3. Шаардык канализацияга ѳндγрγштγк сууларды жиберγγгѳ кѳзѳмѳл кылуу.
3.1. Ишкана милдетγγ:
-балансында турган канализациялык курулуштарынын ишин жѳнгѳ салуу агындуу сууларын агып кетишин болтурбоо;
-локалдык тазалоо курулуштардан тундурмаларды ѳз убагынба алып кетγγ;
-кγндγн ар бир маалында «Кара-Балта суу каналы»МИсинин кызматкерлеринин канализациялык текшерγγсγнѳ жана ушул Эреженин аткарылышына жол берγγ;
-шаардык таштандыга 4-класстагы ѳндγрγштγк таштандыларды чыгаруу.ЖЦГСЭН менен макулдашууда 1,2,3-класстагы коркунучу бар таштандыларды ѳз жеринде топтоо.
3.2. Мекеме шардык канализацияга ѳндγрγштγк агындарды агызуудан мурун комплекстик анализ жγргγзγшγ керек.Алынган маалыматты «Кара-Балта суу каналы»МИсине бериши керек.Жγргγзγлγнгѳн иштер алардын оорду сыноолорду алган мезгили,заттардын аталышы «Кара-Балта суу каналы»МИси менен макулдашуусу керек.
3.3. «Кара-Балта суу каналы» МИси:
-керектѳѳчγ суунун кѳлѳмγ боюнча,суу менен камсыз кылуу булактардын иши жѳнγдѳ,ишкананын иштѳѳ тартиби жѳнγндѳ,пайдаланган заттар жѳнγндѳ,локалдык тазалоо курулуштарынын иши жѳнγндѳ малыматты талап кылууга укуктуу;
-ПДКаны ашып кеткен ѳндγрγштγк агындылардын агуусун жγргγзгѳн ишканалар 5 эсе кѳп ѳлчѳмдѳгγ тѳлѳм жγргγзѳт.Жапырт таштоолорду аныктаганда 10 эсе тѳлѳм жγргγзѳт (жапырт таштоо болуп 2 жана 3 тиркемеде кѳрсѳтγлгѳн концентрациянын 10 эселиги эсептелинет).Алынган каражаттар «Кара-Балта суу каналы»МИсинин фондуна жиберилет жана тазалоочу курулуштарын жана канализациялык торчолорун оњдоого багыт талат;
-ѳндγрγштγк агындыларды Кара-Балта шаарынын канализациясына кабыл алуу эрежелери оодоно бузулса иш кагаздар прокуратурага мекемелерди юридикалык жоопкерчилике тартып зыянды ордуна келтирγγ γчγн жиберилет.