Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 30/108
Кызыл–Кыя шаары боюнча жер тилкелерине ижара акысын эсептөө методикасы жана жер участкаларынын зоналарда жайгашкандыгына жараша түзөтүү коэффициенти жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339–беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 2015–жылдын 5–мартындагы №261 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаары боюнча жер тилкелерине ижара акысын эсептөө методикасы №1–тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызыл–Кыя шаары боюнча жер участкаларынын зоналарда жайгашкандыгына жараша түзөтүү К4–коэффициенти №2–тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин ижарага берүүдө Кызыл–Кыя шаарынын баатыр энелерине, көп балалуу энелерге жана 1–2–топтогу майыптарга ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акысынан 50%дык женилдиктер берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Маткалыков |
| Кызыл–Кыяшаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2015–жылдын 10–апрелиндеги кезексиз 30–сессиясынын № 30/108 токтомуна №1–тиркеме |
А = (С х S х К3 х К2 х КК х К4) : 12
А – бир айлык ижара акынын өлчөмү.
С – жер салыгынын ставкасы 1–чарчы метр (м2) аянтка – 1,70 сом.
S – жер тилкесинин аянты, чарчы метр (м2) менен.
К3 – экономикалык–пландоо зоналык коэфициенти.
К3 = 5 – соода жана тейлөө түйүндөрү үчүн,
К3 = 7 – коомдук тамактануу жайлары үчүн,
К3 = 2 – автотейлөө жайлары үчүн.
К2 – жердин экологиялык баалоо коэфициенти.
К2 = 1,5 соода жана тейлөө түйүндөрү үчүн коомдук тамактануу жайлары,
К2 = 2 автотейлөө.
КК – коммерциялык пайдалануу коэфициенти.
К4 – жер участкаларынын зоналарда жайгашкандыгына жараша түзөтүү коэфициенти.
К4 = 5 тен кем болбош керек.
12 – бир жылдагы айлардын саны.
Коммерциялык пайдалануу КК–коэфициенти Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339–беренесинин 6–бөлүгүнө негиз, жер тилкелеринин пайдаланууга берилген багыты боюнча төмөнкүдөй өлчөмдө коюлат:
1) дүкөндөр, киосктор, ларектор жана башка соода мекемелери аянттарына жараша:
Аянты, арчы метр (м2) менен | 10 чарчы метрге чейин | 10 дон 20 чарчы метрге чейин | 20 дан 35 чарчы метрге чейин | 35 тен 50 чарчы метрге чейин | 50 чарчы метр жана андан жогору |
КК өлчөмү | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
2) чакан рыноктор, рыноктор, соода–рынок комплекстери – 7,5;
3) мал, жем сатуу рыноктору – 4,5;
4) коомдук тамак–аш ишканалары – 3;
5) мейманканалык ишмердик ишканалары – 7;
6) банктар, курөөканалар, алмашуу пункттары – 5;
7) оюн–зоок мекемелери жана дискотекалар – 7;
8) офистер, бизнес борборлор, биржалар – 2,5;
9) автомай куюучу станциялары – 10;
10) нефтебазалар – 1,5;
11) автотоктоочу жайлар, автосервис ишканалары – 4,5;
12) жарнама курулмалары – 50;
13) эс алуу жана көнүл ачуу, спорттук–ден соолукту чындоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса – 1,5;
14) транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары, аэровокзалдар, автовокзалдар, автобекеттер, темир жол вокзалдары – 0,9;
15) өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса – 0,5;
16) тоо–кен өнөр жай ишканаларынын, ошондой эле темир жол транспортунун жүк станцияларынын имараттары жана курулуштары, темир жол жана аба транспорту ишканаларынын санитардык–коргоо зоналары – 0,3;
17) штетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, алтын казып алуучу жайлар – 0,05;
18) геологиялык чалгындоо, долбоорлоо–иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери –0,005;
19) байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары – 0,01;
20) илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын–өспүрүмдөрдүн дене тарбия–спорт мекемелери – 0,3;
21) айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, ондоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча–картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык короолор жана башка айыл–чарбалык өндүрүш имараттары) – 0,2;
22) коргонуу–спорт–техникалык уюмдар – 0,01;
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Р.Абдукаюмов |
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси: |
А.Сапарбеков |
| Кызыл–Кыяшаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2015–жылдын 10–апрелиндеги кезексиз 30–сессиясынын № 30/108 токтомуна №2–тиркеме |
– 1–кичи район;
– Асаналиев көчөсү;
– Молодежная көчөсү;
– Кулатов көчөсү («Агропласт» айыл чарба кооперативине чейин);
– Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсү;
– Мурдагы ЛКСМ шахтасынын территориясы (промплощадка);
– «Мунайзат» ЖАКнун территориясы.
II зона: К4 = 8
– Январский аймактык башкаруусунун территориясы;
– Кулатов көчөсү («Агропласт» айыл чарба кооперативинен Южныйга чейин);
– И.Жусубалиев атындагы (Первомайский) көчөсү;
– Школьная көчөсү.
III зона: К4 = 7
– «Машзавод» АБ аймагы;
– «Сухана» АБ аймагы;
– Караван айылы.
IV-зона: К4 = 5
– «Каракозу» АБ аймагы;
– «БАМ» АБ аймагы;
– 61–разьезд;
– Ак–Булак айылы,
– Жин–Жиген айылы.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Р.Абдукаюмов |
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси: |
А.Сапарбеков |