Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №68
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Жалалов Абдрасулдун атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып. Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби'" жонүндо Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Жацы-Акман айылындагы почтанын имаратынан Карабеков Кутмандын үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Жалалов Абдрасулдун аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жалалов Абдрасулдун аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекегтик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекегтик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерип коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |