Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №70
Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мамажанов Сатардын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элеснн түбөлүккө калтыруу максатында Кайырма айылынын тургуну Сариев Кенжебектин үйүнөн Атаханов Эгендин үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мамажанов Сатардын аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мамажанов Сатардын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |