Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №71
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сарыбаев Абдиллайдын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-Жылдын 19-августундагы N467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртуү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндо ЖОБОну" жетекчиликке альщ, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын озгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кайырма айылынын тургуну Алишеров Мураттын үйүнон Турганалиев Нурдиндин үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сарыбаев Абдиллайдын аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сарыбаев Абдиллайдын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо. мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле уй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмотүнүн бапгчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |