Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №72
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчесүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Жусупов Өсөркулдун атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген '"Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каггоо дон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып. Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кайырма айылынын канал тарабындагы Сариев Зулумбектин үйүнои Муратов Калдардын үйүнө чейинки көчөго Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Жусупов Өсөркулдун аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Жусупов Өсөркулдун аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле уй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына м илдеттендирилс и н.
3. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөөнү социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |