Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №73
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мамажанов Сулаймандын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнундө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып. Акман айьшдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кецешинин социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кайырма айылынын тургуну Мамарасулова Орозгүлдүн үйүнөн Жайчиев Табылдынын үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мамажанов Сулаймандын аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мамажанов Сулаймандын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле уй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |