Редакцияот 04.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 4-майы №74

Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Шамурзаев Маликтип атын коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон огкорүү тартиби жөнүндо ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби*' жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элеснп түбөлүккө калтыруу максатында Кайырма айылынын тургуну Кошалиев Акбаралинин үйүнон Муратов Аваздын үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Шамурзаев Маликтин аты ыйгарылсын.

2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Шамурзаев Маликтин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо. мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жопөтүү. ошондой" эле уп белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерип жүргүзүү айыл окмөтүнүн башчысына м илдеттен дирилси н.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов