Акман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-июлундагы № 119 токтомуна ылайык жокко чыгарылсын
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы № 76
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кош-Коргон айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Таштанов Касымдын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү. географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып. Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V сессиясынын №5 чечиминин 2-пунктундагы "Кош-Коргон айылы" деген соз алынып салынсын.
2. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүкко калтыруу максатында Кош-Коргон айылынын тургуну Карабаев Чултундун үйүнон Машрапов Айбектин үйүнө чейинки кочого Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Таштанов Касымдын аты ыйгарылсын.
3. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Таштанов Касымдын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жонөтүү. ошондой эле уп белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |