Редакцияот 04.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 4-майы №77

Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кош-Коргон айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сулайманов Масандын атын коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алый, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун утуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сесеиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кош-Коргон айылынын тургуну Кудайбердиев Бектин үйүнөн Ибраимов Мирландьш үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сулайманов Масандын аты ыйгарылсын.

2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сулайманов Масандын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү. ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов