Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №78
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Жараке айылынын Көлмө участкасынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мергенбаев Жакыптын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүпүн 2008-жылдын 1-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби'* жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат. депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүкко калтыруу максатында Кош-Коргон айылынын Б.Абдракманова мектебинен Осмонов Матмусаиын үйүно чейинки кочого Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мергенбаев Жакыптын аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Мергенбаев Жакыптын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо. мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |