Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №80
Жараке айылынын Көлмө участкасынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги тылдын ардагери Сариевдин Акимдин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткерүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кецешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин-ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Жараке айылынын Колмо участкасынып тургуну Жапарова Венеранын үйүнөн Борошов Каныбектин үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги тылдын ардагери Сариевдин Акимдин аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги тылдын ардагери Сариевдин Акимдин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |