Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №87
Кош-Коргон айылынын көчөсүнө эмгектин ардагери Машрапов Андалбектин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августупдагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырьтлыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Коргон айылынын тургуну Машрапов Айбектин үйүнөн Эргешов Орозбектин үйүнө чейинки көчөго эмгектин ардагери Машрапов Андалбектин аты ыйгарылсын.
2. Эмгектин ардагери Машрапов Андалбектин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |