Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №90
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчөсунө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Максытов Батыркулдун атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын вкмотунун 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген ''Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын езгертуу, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 201З-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеништип 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин тубелукко калтыруу максатында Кайырма айылынын тургуну Карцев Капардын уйунен Эсеркулов Нурландын уйуно чейинки кочего Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Максытов Батыркулдун аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Максытов Батыркулдун аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга докуметтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жургузүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |