АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №91
Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына Кайырма айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Турганалиев Абдраимдин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар женунде" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын вкметунун 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын езгертуу. географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылд|>ш 6-августундагы "Акман айылдык аймагыпдагы географиялык объеклтерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонуп негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлуккө калтыруу максатында Кайырма айылынын тургуну Сулайманов Кубанычтын үйүнөн Турганалиев Жаныштын үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Турганалиев Абдраимдин аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Турганалиев Абдраимдин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтуу калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү. ошондой эле уй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл окмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |