Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №96
Колот айылынын көчөсүнө эмгектин ардагери Сатыбалдиев Жумабайдын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каггоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекггерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Колот айылынын тургуну Турдукулов Токторалынын үйүнөн Сатыбалдиев Замирдин үйүно чейинки көчөгө эмгектин ардагери Сатыбалдиев Жумабайдын аты ыйгарылсын.
2. Эмгектин ардагери Сатыбалдиев Жумабайдын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо. мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик оргапдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |