Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №100
Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө эмгектин ардагери Аскаров Курбанкулдун атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүңдө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы ТМ 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын атальтшын өзгөртүү, географияльж аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Акман айылынын тургуну Акрамов Амранзандын үйүнөн Алдозов Уландын үйүнө чейинки көчөгө эмгектин ардагери Аскаров Курбанкулдун аты ыйгарылсын.
2. Эмгектин ардагери Аскаров Курбанкулдун аты коюлгандыгы жөпүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекегтик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |