Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №102
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Колот айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Асанд атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын '"Кыргыз Республикасындагы гсографиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объёкттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон откөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объёкттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндо Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менеи байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын, корутундусун угуп жана талкуулаи, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин гүбөлүккө калтыруу максатында Колот айылынын тургуну Пусурманов Русландыи үйүнен Атокуров Кубанычтын үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Асандын аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Асандын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелү^ мамлекеттик органдарга документтерин жөнетүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюш гуруу иштерин жүргүзүү айыл окмөтүнүп башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |