Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №103
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Колот айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Үсөндүн атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби'' жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына согуштун ардагеринин элесин түбөлүкке калтыруу максатында Колот айылынын тургуну Исанов Болоттун үйүнөн Аттокуров Кубанычтын үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Үсөндүн аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Үсөндүн аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо, мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелү\ мамлекеттик органдарга документтерин жөнотүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу пиперин жүргүзүү айыл окмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |