Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №104
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Колот айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Кочкордун атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1°-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объёкттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объёкттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Колот айылынын тургуну Пусурманов Мейманалинин үйүнөн Бекеев Маданбектин үйүнө чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун Жайчиев Кочкордун аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жайчиев Кочкордун аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо. мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүу мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү. ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун агкарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |