Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №105
Улуу жеништин 70 жылдыгынын урматына Колот айылынын көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Эркинбаев Амирдин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объёкттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кецешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объёкттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу жециштин 70 жылдыгынын урматына согуштун жана эмгектин ардагеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Колот айылынын тургуну Эркинбаев Дүйшөнүн үйүнөн Алдозов Жумабайдын үйүно чейинки көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Эркинбаев Амирдин аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Эркинбаев Амирдин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо. мамлекеттик каттоо кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерин жөнөтүү, ошондой эле үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу ишгерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |