Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №33
Жаңы-Акман айылынын тургуну жеке ишкер Т.Кочкоровдун арызын канааттандыруу жөнүндө
Акман айыл округунун Жаңы-Акман айылынын тургуну жеке ишкер Т.Кочкоровдун арызын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Акман айылындагы суу сактагычтын жарандардын эс алуу максатында пайдаланып жаткан 500 метр аймагынын коопсуздук, санитардык-экологиялык абалын КӨЗӨМӨЛГӨ алуу, тиешелүү белгилерди коюу, эскертмелерди жазуу жана башка иштерин аткаруу жана жоопкерчилик жеке ишкер Т.Кочкоровго милдеттендирилсин.
2. Бул аймакка кирүүгө төмондөгүдөй тариф бекитилсин. (тиркеме №1)
3. 1-пунктта көрсөтүлгөн иш чараларды 10 күндүк мөөнөттө аткаруу жеке ишкер Т.Кочкоровго милдеттендирилсин.
4. Хронометраж жүргүзүп, салыгын эсептөө айыл округунун салык бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |
| Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын 2013-жылдын 19-июнундагы кезектеги V сессиясынын №33 Токтомунун №1-тиркемеси
|
№ | Авто унаа түрү | Толом суммасы, сом | эскертүү |
1. | Микроавтобус, РАФ, Мерседес, УАЗ | 60 |
|
2. | Одиссей, ДАМАС, Джип | 40 |
|
3. | Женил авто унаалар | 30 |
|
4. | Жүк ташуучу авто унаалар | 40 |
|
5. | Жоо адамдарга | 10 |
|