Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры №54
Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 5-мартындагы "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетин жана 2014-2015-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндөгү" №15 токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Акман айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын жана бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кецешинин VI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү кошумча 383900 (үч жүз сексен үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты менен бекитилсин.
2. Кошумча каражаттардын сметалык сарпталышын №1 тиркеме ылайык жүргүзүү Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы. муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Таштановго жүкгөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |
| Акман айылдык кеңешинин "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндо 2013-жылдын 22-ноябрындагы №54 Токтомуна №1 Тиркеме
|
Статья 22152100 -20 000 сом Жылытуу системасынын ремонтуна
Статья 22156900 -160 000 сом Түрдүү чыгымдарга
Жыйынтыгы: -180 000 сом
701 р
Статья 22111100 -10 000 сом Сапар чыгымдарына
Статья 22121200 -30 000 сом электр энергия чыгымдарына
Статья 22141100 -12 000 сом күйүүчү майлоочу майлардын чыгымдарына
Статья 22141200 -5 000 сом автомашина тетиктеринин чыгымдарына
Статья 22156900 -146 900 сом Түрдүү чыгымдарга
-
Жыйынтыгы: -203 900 сом
Жалпы жыйынтыгы: -383 900 сом