Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №3
Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери жөнүндө
Жалал-Абадсууканал башкармасынын 08.07.2015-жылдагы чыгыш № 1-3/227 сандуу каты, “Жалал-Абадсууканал” башкармасы менен Реконструкция жана Өнүктүрүү Европалык банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо” долбоордук келишимдин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 07.07.2015-жылдагы № 52-буйругу шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундуунун негизинде депутаттардын шаардык кеӊешинин кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз ХVI-сессиясынын 19.08.2014-жылдагы №1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилип, 2015-жылдын 1-сентябрь айынан тартып эсептелсин.
3. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтин жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Жалал-Абадсууканал” башкармасына (А.Мусаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |
| Шаардык кеӊештин “03” сентябрь 2015-ж. XXV-сессиясынын № __ токтомуна №1 тиркеме
|
№ к/н | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | 19.08.2014-ж. Кабыл алган тариф | Сунушталган тариф |
1 | Ичүүчү суу Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 10,51 7,0 12,81 18,67 | 11,01 7,27 13,38 19,26
|
2 | Саркынды суулар (канализация) Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 6,97 5,01 8,67 10,65 | 7,28 5,25 9,01 11,02 |