Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №5
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XXV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетин үнөмдүү пайдаланылган каражаттын эсебинен өндүрүштүк муктаждакка байланыштуу № 1-тиркемеге ылайык багытын өзгөртүп каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. 2015-жылдын бюджетин бекитүүдө Керек жарак жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебиндеги пайдаланылбай турган 432,9 миң сом акча каражатын Курманбек стадионунун резиналык чуркоо килемин алууга муниципалдык менчикти башкаруу комитетине октябрь айынын аягына чейин которуп берүү жагы Керек жарак жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчисине (М. Солтоев) милдеттендирилсин.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин атайын эсебине Кыргыз Инвестициялык кредиттик банкынан түшкөн 310,7 миң сомду Токтогул эс алуу багынын кире беришине Арка орнотуу жана көрктөндүрүү жумуштарына иштетүүгө милдеттендирилсин.
4. Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 2011-жылы шаардык бюджеттен алган 350,0 миң сом ссуданы «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» 25.09.2003-ж. №78-мыйзамынын 15-статьясына ылайык кечүүгө макулдук берилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлерин Эгемендүүлүк майрамына карата № 1-тиркемеге ылайык бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине, шаардык кеңештин төрагасына жана шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Жыл аягына чейин киреше бүлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн жана бюджеттик мекемелердин үнөмдүү пайдаланылган каражаттын эсебинен кредит кайтарууну (кредит МАР) каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Р. Санатбаев атындагы № 3 адистештирилген спорт мектебине атайын эсеп ачууга макулдук берилсин. Мүлктү, спорт эмеректерди ижарага берүү шарттарын жана тартибин бекитүү үчүн шаардык кеңешке сунуштоо жагы мектептин директоруна милдеттендирилсин.
8. Жалал-Абад шаарынын бекитилген бюджетине тиешелүү маселелер мэриянын макулдугу менен шаарды финансы бөлүмү тарабынан шаардык кеңешке сунушталсын.
9. Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесине жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин сметасында 9 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен же пландан ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен атайын техника сатып алуу үчүн 700,0 миң сомду каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
10. Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесинин жетекчиси Т. Бакировго мекеменин атайын эсебинен бекитилген пландан ашыкча аткарылган 1500,0 миң сомду жана жергиликтүү бюджеттен ушул токтомдун 9-пунктунун негизинде бөлүнгөн 700,0 миң сомду кошуп жалпысы 2200,0 миң сомго атайын техника сатып алуу жагы милдеттендирилсин.
11. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан келген 640,0 миң сом акча каражатын Токтогул жана Жеңиш эс алуу бактарына балдар аянтачысын куруу үчүн иштетүү жагы милдеттендирилсин.
12. Ушул токтомдун негизинде бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдүн планын Кыргыз Республикасынын финансы Министрлиги менен тактоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
15. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |
| Шаардык кеңештин 03.09.2015-ж XXV-сессиясынын №5-токтомуна 1-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга бекитилген жергиликтуу бюджеттинин | ||||
чыгаша болугуно озгортуу киргизуу тизмеси | ||||
к/б № | Мекемелердин аталышы | Кыскартылды | Кошулду | Кошумча маалымат |
|
|
|
|
|
1 | Жолдор башкармалыгы | 548,5 |
| Комур сатып алуудан уномдолгон каражат |
2 | Жолдор башкармалыгы | 5,0 |
| КАМАЗ сатып алуудан уномдолгон каражат |
3 | Жолдор башкармалыгы | 2,0 |
| Тележка сатып алуудан уномдолгон каражат |
4 | Жолдор башкармалыгы | 688,0 |
| Битум сатып алуудан уномдолгон каражат |
5 | Жолдор башкармалыгы | 252,5 |
| Бардюр орнотуудан уномдолгон каражат |
6 | Жолдор башкармалыгы | 87,3 |
| Куйуучу май |
7 | Жолдор башкармалыгы | 17,2 |
| Автотетиктерди сатып алуудан уномдолгон каражат |
8 | Жолдор башкармалыгы |
| 210,0 | Кен байлыктарды иштетип пайдалануу учун лизенция алуу |
9 | Жолдор башкармалыгы |
| 427,7 | 2002-ж.Мэрия тараптан алынган кредитти кайтаруу у-н |
10 | Жургунчулорду ташуучу автобаза |
| 1500,0 | Субсидии (куйуучу майга б-н кред.карызын толоо учун) |
11 | ШБББ | 665,2 |
| тендерден уномдолгон каражаттар |
18 | Дене тарбия болумуно жана жергиликтуу бюджеттен каржыланган мекемелерге |
| 100,0 | Муниципалдык кызматкерлердин Ысык-Колдогу спартакиадасына катышып келуу учун |
19 | Ардагерлер кенеши | 1,5 |
| Байланыш кызматынан уномдолгон каражат |
20 | Маданият сарайы | 10,0 |
| Кызматтык сапар чыгымдарынан уномдолгон каражат |
21 | Маданият сарайы |
| 10,0 | Электроэнергия чыгымдарына |
22 | Коммуналдык чарба | 462,7 |
| Ленин кочосун кенейтуудон уномдолгон каражат |
23 | Коммуналдык чарба | 417,9 |
| тендерден уномдолгон каражаттар |
24 | ММБК | 4969,2 |
| тендерден уномдолгон каражат |
25 | ММБК |
| 4470,3 | Курманбек стадионунун 2 катар резиналык чуркоо килемин тошоого учун |
26 | ММБК |
| 103,9 | ММБКнын имаратынын сырткы корунушун ондоо учун |
27 | ММБК |
| 54,1 | Психоневрологиялык балдар интернат мекемесинин курулуш иштерине документтештируу учун |
28 | Маданият болуму |
| 33,4 | Айлык-акыга, былтыркы жылдык кредитордук карызын толоого учун |
29 | Жалал-Абад Тазалык | 679,7 |
| тендерден уномдолгон каражаттар |
30 | Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалык | 40,0 |
| Соцфонд толомдорунон уномдолгон каражат |
31 |
| 25,0 | Электроэнергия чыгымдарына | |
32 | Жергиликтуу салыктар болуму | 2,5 |
| уюлдук байланышынан уномдолгон каражат |
33 | Жергиликтуу салыктар болуму |
| 2,5 | шаардык байланыш кызматына толом |
34 | Корктондуруу жана жашылдандыруу чарбасы | 388,6 |
| Тендерден уномдолгон каражаттар |
35 | Курманбек стадиону | 30,0 |
| Кызматтык сапар чыгымдарынан уномдолгон каражат |
36 | Мэрия | 500,0 |
| Капиталдык ремонттон уномдолгон каражаттар |
37 | Мэрия | 30,0 |
| документтерди архивге тапшыруудан уномдолгон |
38 | Мэрия |
| 52,8 | автоунаалардын транспорттук чыгымдарына |
39 | горкенеш |
| 16,6 | Параграфка жазылууга |
40 | Аскердик комиссариат |
| 40,0 | Электроэнергия учун толом |
41 | Аскердик комиссариат |
| 30,0 | Байланыш кызматына толом |
42 | Мэрия |
| 487,2 | Ортко каршы башкармалыгына "Курманбек" стадионундагы мунаранын курулуш иштерин аягына чыгаруу учун |
43 | Шаардык кенеш |
| 63,8 | Депутаттардын Ысык-Колго баруусуна |
44 | Шаардык кенеш |
| 11,5 | "Кыргыз Туусу" Гезитине |
45 | ФК и Спорт |
| 56,0 | Бразилия мамлекетине спортсмендерди жонотуу |
46 | Мэрия |
| 589,2 | Эмгек акы фондуна |
47 | Шаардык кенеш |
| 138,3 | Эмгек акы фондуна |
48 | Дене тарбия болуму |
| 185,0 | Футбол-70,0; Бокс-100,0; Эркин курош-15,0; |
49 | ШБББ |
| 225,0 | Спортсмендерди сыйлоо учун |
50 | Жолдор башкармалыгы |
| 169,7 | Эмгек акы фонду (кошумча штат кармоо) |
51 | Жолдор башкармалыгы |
| 197,0 | Башка чыгымдарына |
52 | ШБББ |
| 20,0 | №12-балдар бакчасына |
53 | Сууканал башкармалыгы |
| 91,1 | Тихий кочосун канализацияга туташтыруу учун |
54 | Шаардык архив |
| 32,7 | Архивдин имаратынын абалын кармоо учун |
55 | ШБББ |
| 430,0 | №19-балдар бакчасына айнек терезе орнотуу учун |
56 | Маданият сарайы |
| 25,0 | Кыргыз тил майрамын откорууго |
| баары | 9797,7 | 9797,7 |
|