Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу №25-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна Ак-Сай бөлүмүнөн жаныдан конвейер линиясын тартуу үчүн жайыттын жер аянтынан которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк-Кыргыз Цемент» жабык типтеги акционердик коомунун 2015-жылдын 29-июлундагы № 750-15 сандуу катынын негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин торагасы А.Ажибаев суйлоп Ак-Сай бөлүмүнөн конвейер линиясын жаныдан тартып куруу үчүн жайыттын жер аянтынан Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү» Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 27-32 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Ак-Сай бөлүмүнөн конвейер линиясын жаныдан тартып куруу үчүн жайыттан 4,5 га жер аянтын «Түштүк-Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомуна «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүнөн конвейер линиясын жаныдан тартып куруу үчүн жайыттан 4,5 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна жуктөлсүн.
4. Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларды тактап тийешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап жерге болгон укугун тактап терүү жагы Ноокат райондук катастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын.
5. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына суралсын.
6. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Сай бөлүмүнөн 4,5 га жер аянттын конвейердик линия тартып куруу үчүн жер аянты трансформациялангандан кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен «Туштук-Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомунун жетекчилиги менен ижаралык келишим түзүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Ажибаев |