Загрузка документа…
Теплоключенка айылдык Кенешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №39
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевдин сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын θкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жобонун 10-пунктуна ылайык жеке менчик турак үй курууга жер тилкесин берүү боюнча жер комиссиясы түзүлсүн жана курамы төмөндөгү 5 кишиден бекитилсин:
- жер комиссиянын төрагасы – айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;
- теңтөрагасы – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
мүчөлөрү:
- айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси;
- Ак-Суу райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;
- Каракол Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана укук каттоо башкармалыгынын өкүлү.
Коомдук уюмдардын өкүлдөрү комиссиянын отурумдарына байкоочу катары катышууга укуктуу.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |