Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 29
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун" 10-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактын тургундары тапшырылган документтерди кароо үчүн төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Садырова Р.К. - а/о башчысынын орун басары, комиссиянын торагасы;
Чопоев З.С. - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы;
Джумабаева Б.Р. - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
Шарипова Б.А. - башкы адис-юрист;
Асанов Э.Ө. - муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адис;
Мукамбетов А.З. - а/к соц.комиссиянын торагасы;
Кырбашев Н. - Ак-Суу райондун башкы архитектордун орун басары;
Кендербаева А. - Каракол-АкСуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо
башкармалыгынын өкүлү;
Мамытова Б.Б. - аялдар кеңешинин торайымы;
Эралиев Э. - ардагерлер кеңешинин торагасы;
Жанузаков Ч. - жаштар кеңешинин торагасы.
2. Каракол-АкСуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлүнүн милдеттери:
- жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;
- жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
- сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.
3. Ак-Суу райондук архитектура башкармалыгынын архитекторунун милдеттери:
- комиссиянын заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо;
- бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо;
- санитардык, ортко каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;
- алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануун мүмкүндүтөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.
4. Айылдык кеңештин 2015-жылдын 15-июлундагы №39 "Жеке менчнк турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» жана 2015-жылдын 25-декабрындагы №72 "Айылдык кеңештин 2015-жылдын 15-июлундагы №39 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтомдор күчүн жоготтуу деп табылсын.
Төрага | Э.А. Темиров |