Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

2015-жылдын 21-апрели №4

Куйручук айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн жайыттарын кароо жөнүндө

     Кыргыз  Республикасынын  өкмөтүнүн 2009-жылдын 19 июнундагы № 386 токтомунун, “Жайыттар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2011 жылдын 11-июнундагы № 91 редакциясына ылайык Куйручук айыл аймактык Кеңештин  кезексиз 33 сессиясы жайыт жерлерди натыйжалуу  жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында,  Куйручук айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы  К. Чокоевдин 2013-2014-жылдардагы отчетун угуп жана 2015-2016-жылдарда аткарыла турган бюджетин жана иш планын талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куйручук айылынын жайыт комитетинин төрагасы К. Чокоевге 2013-2014-жылдарда аткарган иштерин жана отчетун угуп канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Жайыт комитетинин түзүлгөн курамы ( № 1 тиркеме) ылайык бекитилсин.

3. Жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджети жана иш планы  эмгек акылары, киреше менен чыгаша бөлүмдөрү ( № 2 тиркемеге ылайык) бекитилсин.

4. Малчылардын жайытка чыгууда маршруттары такталсын.

5. 2015-жылга жайыт акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин.

1 баш жылкыга 75 (жетимиш беш) сом.

1 баш уйга 75 (жетимиш сом) сом.

1 баш кой эчкиге 15 (он беш ) сом.

6. Жайыт  комитети мал ээси жана чабандар менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.

7. Жайытты башка максатта пайдаланууну (туризм, балык чарбачылыгы ж.б.) каалаган атуулдар жайыт комитети менен эки тараптуу  келишим түзүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Чокоевге  жүктөлсүн.

 

Куйручук айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З.Баисов

 

 

Тиркеме №1.

Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

Жайыт комитетинин курамы.

 

1. Чокоев Кылыч – жайыт комитетинин төрагасы.

2.Баисов Замир – Айылдык Кенештин төрагасы.

3.Абылабеков Бердибек -  айыл өкмөтүнүн башчысы.

4. Эркинбаев Нурбек – Айылдык Кенештин депутаты.

5. Сариев Анарбек – Айылдык Кенештин депутаты.

6. Осмоналиев Бектен –дыйкан чарбасынын мүчөсү.

7. Молдокадыров Төлөбек – дыйкан чарбасынын  мүчөсү.

8. Бекбосунов Сонкөлбек – дыйкан чарбасынын мүчөсү.

9. Куулбаев Осунбек – дыйкан чарбасыны мүчөсү.

 

 

 

 

Тиркеме № 2

 

Жумгал районундагы Куйручук айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

 2015-жылга карата бюджетинин эсеби.

 

Киреше  бөлүгү

Чыгаша бөлүгү

 

Жайыт пайдалануучулардан чогултуучу каражат

сумма

№

2015-жылга

Сумма

1

2014-жылдан калдык

18 000

1

Инфраструктураны оңдоо

54 700

2

Бодо мал үчүн 1500 х 75

112 500

2

Эмгек акы

90 000

3

Майда жандыктар үчүн 700 х 15

105 000

3

Соц. фонд.27 %

 

4

Жайытты башка максатта пайдалангандардан

60 000

4

Жайыт салыгы 24829 х 2,25+3%

60 000

5

Айыл өкмөтүнөн

20 000

5

Канс. товарга

10 000

 

 

 

6

Жайыт жериндеги бактын кароолчусуна

2400

 

 

 

 

Транспорт чыгымдары (келишим менен , аренда , ГСМ)).

36 000

 

 

 

7.

Ар кандай чыгымдар

19 500

                Баары 

315 500

 

Баары

315 500