Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 15
Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжандын арызын кароо
Депутаттар Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комис- сиясынын төрагасы А.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылынын көпчүлүк аксакалдарынын кайрылуусун, анын ири өлчөмдө кредит алгандыгын (700 000 сом) эске алуу менен Кыргыз Республика- сынын «Жер кодексинин»29-беренесинин, «Мунициалдык менчикте турган жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» Типтүү жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжанга ижара келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жалпы негизде тоорукка катышуу укугу берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, агроөнөр- жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жара- тылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |