Редакцияот 11.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2014-жылдын 11-февралы № 14/1

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджетинин 2015-2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн  2013-жылдын киреше бөлүгү 26814,8  миң сом жана чыгаша бөлүгү 26416,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети киреше жана чыгаша булактарынын бөлүктөрүнө ,теңдөөчү грантка  6502,9 миң сом өздүк киреше 1525,8сомго жалпы 8028,7 миң сомго бекитилсин.(тиркеме №1)

3. 2015-жылга бюджеттин долбоору 8085,8  миң сомго анын ичинен теңдөөчү грантка 6450,0  миң сом,өздүк киреше 1635,8 миң сом,2016-жылга бюджетинин долбооруна 8305,0  миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 6507,0 миң сом өздүк киреше 1797,8 миң сом жактырылсын.

4. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн   аймагында жайгашкан мектептер жана бюджетте каралган акча каражаттар статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

5. Отчет,учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн  финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме-ишканалардын башчыларына жана мектеп директорлоруна чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.

6. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн   2014-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн кирешелерге план боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана статьядан-статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде Үч-Төбө айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына укук берилсин жана бюджетине,комиссиянын сунушу менен кеңештин сессиясы бекитилсин.

7. Ата-энелер төлөмү Кичи-Каракол балдар-бакчасына 200(эки жүз) сом,Медина-Нуру балдар-бакчасына 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.

8. Каралган бюджеттин сметасы боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага ,финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Арыковго тапшырылсын.

 

Үч-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Акматов 

 

 

Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин

11-февраль 2014-жылдагы

заседаниесинин  № 1 тиркемеси.

 

 КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ ( миң сом)

1.Подоход налог (киреше салыгы)      - 700,0

2.Милдеттүү патент -  65,0

3.Кыймылсыз мүлккө салык -    8,0

4.Транспорт  салыгы                             - 210,0

5.Огород  жерге (тамарка) салыгы      - 105,8

6.Айыл  чарбасына  арналган

жер салыгы                                       -   77,0

7.Айыл чарбасына арналбаган

жер салыгы                                        -  26,0

8.Сатуудан алынган салык                  - 175,0

9.Жакынкы  жайыттарды  арендага

берүү (телевышка)                            - 15,0

10.К.Б.Ф нун жерлерин арендага

берүү -  48,0

11.Госпошлина                                       -    3,0

12.Ата-энелер взносу                            - 110,0

Жалпы суммасы:                             8 028,7

ЧЫГАША  БУЛАКТАРЫ:

1.Эмгек акыга                                      -4 862,9

2.Соц.фондго чегерүү -726,2

3.Сапар  чыгымы                                 -   210,5

4.Байланыш чыгымы                               -   25,0

5.Кызматтык машинага                        -  118,0

6.Түрдүү кызмат көрсөтүү

чыгымдары                                        - 459,2

7.Тамак-ашка                                        - 185,6

8.Текущий ремонт                                - 138,5

9.Түрдүү чыгымдар -  552,6

10.Көмүргө -

11.Электр энергияга                             -  485,2

12.Инвентар алууга                             -   155,0

13.Атайын каражат (спец средств)       -  110,0

Жалпы суммасы:                            8 028,7