Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 10
Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2014-жылда аткарылышы жана 2015-жылга карата божомолу,Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2015-жылга карата бюджети жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2014-жылда аткарылышы жана 2015-жылга карата божомолу,Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2015-жылга карата бюджети жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө» мыйзамынын негизинде,Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынын,бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылдагы аткарылышы 29156,2миң сомго бекитилсин.
2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана бюджетинин 2014-жылда аткарылышы жана 2015-жылга карата божомолу көңүлгө алынсын.
3. 2015-жылга карата Отуз-Адыр айылдык аймагындагы ишкана,мекеме-уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин(тиркеме тиркелет).
- салык кирешесинин жалпы суммасы – 5520.5 миң сом.
- салык эмес кирешелер,аренда акы – 1370.0 миң сом
- теңдөөчү грант – 4024.7 миң сом
Бюджеттик кирешелердин жыйынтыгы – 10915.2
- атайын каражат/ балдар бакчасы – 1050.0 миң сом
Бардыгы: 11965.2 миң сом
4. Бардык киреше – 11965.2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2016-жылга 13066,6 миң сомго 2017-жылга 13645,5-миң сомго белгиленсин
Чыгашалар боюнча акча каражаты – 11965.2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен:
1) Башкаруу аппаратына- 31 штат бирдиги бекитилсин.
Жалпы эмгек акы фонду – 3508,2миң сомго бекитилсин.
Айыл башчылардын штат бирдигине – 7 штат бирдиги бекитилсин. Кызматтык маяналары жетектөөчүү адистин деңгээлинде бекитилсин.
2) Китепканага 1 штат бирдиги бекитилсин.Китепкана башчысынын эмгек акы фонду – 79,2 миң сомго,»Эмгек майданы» гезитине жазылууга – 25,0 миң сом бекитилсин.
3) Маданият үйү,Спорт сарай боюнча – 1штат- маданият үйүнүн директору,1штат-массалык-маданий иштер боюнча адис,1 штат – техничка,1-штат – күзөтчү.
Бардыгы – 4 штат бирдиги бекитилсин.
Эмгек акы фонду – 216.3 миң сомго бекитилсин.
4)Балдар бакчасы боюнча атайын каражат эсебинен тарбияланып жаткан балдардын тамактануусуна – 1050,0 миң сом бекитилсин.
5) Борбордук оорукананын ашканасынын чатырын ремонттоого -50,0 миң. Сом
6)Спорттук комплексти капиталдык ремонттон өткөрүүгө -320,0 миң.сом
жана долбоордук-сметалык документацияларды даярдоого – 60,0 миң.сом
7. Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду,соц.фондко төлөөлөр жана башка коргоого алынган статьялар (дары-дармек,тамак-аш жеңилдиктери) каржылансын.
8. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын айрым бөлүктөрүнүн каржыланбай калган чыгымдары 2015-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап,айылдык кеңештин сессияларында,туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ташматов) тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |