Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 297
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 25-июнундагы №13, 2015-жылдын 28-июлундагы №14, 2015-жылдын 18- августундагы №16, 2015-жылдын 13-октябрындагы №17 жана 2015-жылдын 20-октябрындагы №22-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы отурумунун №13, 2015-жылдын 28-июлундагы №14, 2015-жылдын 18-августундагы №16, 2015-жылдын 13-октябрындагы №17 жана 2015-жылдын №22-токтомдорунун негизинде №1-тиркемеге ылайык жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду тарабынан которулган 3 505209 сом акча каражатынын 2 114000 сом акча каражатын «Тээке» питомнигине күнөскана курууга жана 1 391209 сом акча каражатын ишкананын башка чыгымдарына жумшоого макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жана Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасын колдоо иретинде 500,0 миң сом жана Ош шаардык прокуратурасынын имаратынын тосмосуна жардам иретинде 500,0 миң сом акча каражаттарын таап, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2015-жылдагы бюджетинде М.Горький жана №49-мектептерине ажаткана курууга каралган 1400,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Ош шаарын жарык менен камсыздандыруу максатында электр чырактарын сатып алууга Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган 17 млн. сом акча каражатын «Ош шаарсвет» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин жана Ош шаарынын мэриясына жогорудагы иш-чарага жетишпеген 35 млн. сом акча каражатынын каржы булагын тактап, сунуш берүүсү тапшырылсын.
6. Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен 200,0 миң сом акча каражатын А.Масалиев кең көчөсүнүн А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагындагы 120 метр аралыкка атайын темир-бетон тосмолорун орнотууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
7. «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекетинин капиталдык оңдоо иштерине бөлүнгөн 2,0 млн. сом акча каражатынын тендерден кийинки үнөмдөлгөн 72560 сом акча каражатын, аталган муниципалдык мекеменин чарбалык жол аркылуу аткарылуучу оңдоо иштерине жумшоого макулдук берилсин.
8. Ош шаарында көзү азиз атуулдарды социалдык жана моралдык жактан колдоо максатында «Мухсин-Нур» коомдук фондун, Ош шаарынын Байтемиров көчөсүндөгү №1а көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн пайдалануудагы муниципалдык ижара акысынан 5 жылга бошотууга макулдук берилсин.
9. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Кыргызстан элинин Ассамблеясынын «Достук үйү» Ош шаарындагы бөлүмүнө керектелүүчү 250,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин долбооруна киргизүү жагы милдеттендирилсин.
10. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII сессиясынын №277-токтомунун №1-тиркемесине өзгөртүү киргизилип, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын №10-токтомуна ылайык бөлүнүп жаткан акча каражаттарынын тизмесинин 18-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-8,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын жашоочусу А.Ишматовго дарылануу үчүн.
11. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII сессиясынын №277-токтомунун №1-тиркемесине өзгөртүү киргизилип, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын №11-токтомуна ылайык бөлүнүп жаткан акча каражаттарынын тизмесинин 6-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын МЖК кичи районунун №5-21 батиринин тургуну А.Акматовага дарылануу үчүн жардам иретинде.
12. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII сессиясынын №277-токтомунун №1-тиркемесине өзгөртүү киргизилип, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын №12-токтомуна ылайык бөлүнүп жаткан акча каражаттарынын тизмесинин 32-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-80,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №7-аймактык кеңешинде жайгашкан таза суу түтүктөрүн оңдоп түзөө иштери үчүн.
13. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
14.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |
| Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXXIII сессиясынын №297-токтомуна №1-тиркеме
|
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы отурумунун №13-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-28,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №17-Ю. Гагарин атындагы мектеп-гимназиясына мектеп эмеректерин сатып алууга;
-28,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №14-К. Алтыбаев атындагы мектеп гимназиясына мектеп эмеректерин сатып алууга;
-40,0 миң сом акча каражатын Прага шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдешке А. Муратовдун жана Илимидин кызы Каныкейдин барып келүүсү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Г.Бекмурзаевага материалдык жардам берүү үчүн;
-60,0 миң сом акча каражатын Алымбек датка Асанбий уулунун 215-жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөзүлүп жаткандыгына байланыштуу чет элдик архивдик материалдарды алууга жана илимий монография чыгаруу үчүн;
-130,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Төлөйкөн айылынын жаштарынын спорттук залына спорттук эмеректерин сатып алуу үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Масалиев №39-үйүнүн сыртын оңдоо үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Алтын көчөсүнүн №115-үйүнүн жашоочусу, оорулу пенсионер М.Камалтиновдун дарылануусу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Увам көчөсүнүн №5-үйүнүн жашоочусу оорулу пенсионер Р.Сисундун дарылануусу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Алтын көчөсүнүн №27-үйүнүн жашоочусу II топтогу майып, оорулу ардагер М.Абиджановго жардам иретинде;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Увам көчөсүнүн №12-үйүнүн жашоочусу Н.Хасанованын дарылануусу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Демократическая (Гагарин 53) көчөсүнүн тургуну Р.Юлдашевдин үй-бүлөөсүнө материалдык жардам берүү үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Алтын көчөсүнүн №119-үйүнүн жашоочусу, II топтогу майып, оорулу пенсионер Б.Юлдашевдин дарылануусу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Алтын көчөсүнүн №9-үйүнүн жашоочусу, тубаса майып, оорулу пенсионер М.Хакимованын дарылануусуна жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Төлөйкөн айылына караштуу «Жаңы-Чек» участогунун көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №52-«Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин спорттук залын сырдоо үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин атынан Ош шаарындагы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамына карата акчалай сыйлоо үчүн.
Жалпы: 426,0 миң сом акча каражаты
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы отурумунун №14-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-20,0 миң сом акча каражатын №8-Ак-Буура аймактык кеңешинин Мажрүмтал, Пахта-Көчө, Памир, Тажик, Мадумаров. В-Увам, Х.Абдуллаев жана Ленинград көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын №10-К-Датка аймактык кеңешинин Петров, Тутовая, Н.Исанов, Увам, Өзгөн, Спортивная, Шакиров көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн;
-25,0 миң сом акча каражатын Ош Областык ички иштер башкармалыгынын тез аракеттенүү атайын отрядынын курамынын машыгуусуна спорттук шаймандарды сатып алууга;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Мирсаатов көчөсүнүн №21-үйүнүн жашоочусу Н.Кочкарованын дарылануусуна жардам иретинде;
-90,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Чкалов көчөсүндөгү Неврологиялык клиникасына медициналык аппаратура сатып алуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №4-үйүнүн №7-батиринин жашоочусу Н.Айтмаматовдун Корея мамлекетине окууга барып келүүгө жардам иретинде;
-16,0 миң сом акча каражатын Беруний көчөсүнө электр зымдарын киргизүүгө жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кулатов кичи районунун №22-үйүнүн №21-батиринин жашоочусу А.Маматовага «Келгиле кыргызча сүйлөшөлү» аттуу китебин чыгаруу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн №25-үйүнүн тургуну Ф. Касымованын дарылануусуна жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Фуркат айылынын тургуну I топтогу майып, тележурналист А.Жээнкуловго материалдык жактан колдоо иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын №8-«Ак-Буура» аймактык кеңешине караштуу Тажик көчөсүнүн арыктарын оңдоо үчүн;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Жапалак айылынын Сасыкбаев көчөсүнүн №1-үйүнүн жашоочусу Каныбек кызы Гүлсүнгө материалдык жардам катары.
Жалпы сумма: 306 миң сом акча каражаты
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттарынын тизмеси:
-644,0 миң сом акча каражатын 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерин сыйлоого;
-47700 сом акча каражатын 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын кызматкерлерин сыйлоого;
-124200 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин кызматкерлерин сыйлоого;
-279400 сом акча каражатын 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерин сыйлоого;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык ооруканасынын №2-хирургия бөлүмүнө 2 даана аристон, 1 даана кондиционер сатып алууга;
-500,0 миң сом акча каражатын «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына «Ата-Түрк» эс алуу багын көрктөндүрүү үчүн;
-410,0 миң сом акча каражатын «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын башка чыгымдары үчүн;
-500,0 миң сом акча каражатын мамлекеттик саясий ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдыгын өткөрүү жана даярдоо иш-чараларына;
-305500 сом акча каражатын Ош шаарындагы Курманжан-Датка аймактык кеңешинин кеңсесинин алдында кошумча жыйындар залын контейнер менен бүтүрүү үчүн;
-700,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын башка чыгымдары үчүн;
-700,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын машиналар жана жабдыктарды сатып алуу беренесинин чыгымдары үчүн;
-500,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын оңдоп-түзөө иштерине;
-71300 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин кичи тейлөө кызматкерлеринин (техничкалар) айлык маянасына кошумча түрүндөгү сумманы 2015-жылдын экинчи жарым жыл мезгилине төлөп берүү үчүн;
-59,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын №12 «Курманжан-Датка-2» аймактык кеңешинин «Эдельвейс» калктуу конушундагы жаңы ачылган фельдшердик-акушердик пунктуна 2015-жылдын экинчи жарым жылына кароолчу жана санитарка кармоо үчүн;
-500,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агентигинин 2015-жылдын экинчи жарым жыл мезгилиндеги жана Ош шаарынын күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүдөгү өкүлчүлүк чыгымдары үчүн.
Жалпы: 5 391100 сом акча каражаты
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 18-августундагы отурумунун №16-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасынын №35-23 үйүнүн тургуну Ж.Абышованын дарылануусу үчүн материалдык жардам катары;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын өспүрүм футболдук командасына спорттук форма сатып алууга;
-10,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылынын Малабеков көчөсүнүн №74-үйүнүн тургуну М.Исаковго, китеп чыгаруу үчүн;
-80,0 миң сом акча каражатын Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын арасында кичи футбол боюнча мелдешке Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын барып келүү чыгымдары үчүн;
-45,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ортопедиялык бөлүмүн оңдоп-түзөө иштерине;
-30,0 миң сом акча каражатын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү бокс боюнча дүйнөлүк мелдешке А.Акылбек уулунун жана машыктыруучу А.Өмүрзак уулунун барып келүү чыгымдары үчүн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Э.Алиев атындагы көчөнүн №10-үйүнүн тургуну Б.Бактыбек кызына материалдык жардам берүү үчүн.
Жалпы: 245,0 миң сом акча каражаты
Ош шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттарынын тизмеси:
-100 миң сом акча каражатын Ош шаардык аймактык ооруканасынын кардиология бөлүмүн ремонттоо үчүн.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 13-октябрындагы отурумунун №17-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Г.Исаевага үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу материалдык жардам берүү үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Строительный көчөсүнүн №7-үйүнүн жашоочусу Д.Азимовдун үй-бүлөөсүнө материалдык жардам берүүгө;
-6,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Жапалак айылынын Саматов көчөсүнүн жашоочусу Б.Сансызбаевге дары дармек сатып алууга;
-30,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылынын жаштарынын арасында футболдук мелдеш өткөрүү үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Э.Алиев атындагы көчөсүнүн №10-үйүнүн тургуну Б.Бактыбек кызына материалдык жардам берүү үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын Малабеков көчөсүнүн №36- үйүнүн тургуну Т.Садированын үй-бүлөөсүнө материалдык жардам берүү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ашхабад көчөсүнүн №10-үйүнүн №4-батиринин Х.Юлчибаеванын дарылануусуна жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын МЖК кичи районунун №5-үйүнүн тургуну К.Сейитованын дарылануусуна;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын К-Датка көчөсүнүн №181-үйүнүн №8-батиринин тургуну Б.Джумаеванын үй-бүлөөсүнө материалдык жардам берүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Гүлчө көчөсүнүн №47-үйүнүн №20-батиринин тургуну А.Кадырованын инвалид баласынын дарылануусуна жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №3-үйүнүн №8-батиринин тургуну Б.Кадырованын кызынын дарылануусу үчүн;
Жалпы: 216,0 миң сом акча каражаты
Ош шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттарынын тизмеси:
-202461 сом акча каражатын Ош шаарынын аймактык кеңештеринин аймагындагы ээси жок, баланска алынбаган трансформаторлорду Ош шаардык РЭСинин балансына өткөрүп берүүгө тийиштүү документтерди даярдоо үчүн;
-1800,0 миң сом акча каражатын Мадумаров көчөсүнүн 300 метр жолун асфальтоого;
-800,0 миң сом акча каражатын К-Датка-Кыргызская көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофор орнотууга.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы отурумунун №22-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №4-үйдүн №2-батиринин тургуну А.Тойманбетовага дары-дармек сатып алуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Молдониязов көчөсүнүн №29-үйүнүн жашоочусу З.Мамаризаевага материалдык жардам берүү үчүн;
-40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Монуев көчөсүнүн №25-үйүнүн жашоочусу Г.Мамутовага материалдык жардам берүү үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну З.Рахмановага материалдык жардам берүү үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну А.Алиевдин «Караханит доорунун тарыхый-маданий мурасы» аттуу китебин чыгарууга жардам катары;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Орке айылынын Орке көчөсүнүн тургуну Г.Жумаевага дарылануу үчүн жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Мирсаатов көчөсүнүн №55-үйүнүн тургуну А.Батыралиевге дарылануу үчүн;
Жалпы: 140,0 миң сом акча каражаты