Редакцияот 26.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 80 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилди)

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы (үчүнчү чакырылыш)

 

2015-жылдын 26-октябры № 302

Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 21-сентябрындагы №384/08-6 Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багыттарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №30-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Токтосунов, Х.Абжабаров, О.Атабаева, М.Аскаров, Р.Атабаев, М.Шарабудинов, Х.Мусаева, М.Маманазаров, Я.Ибрагимова, О.Халилжанов, Б.Шакиров, М.Нематова, М.Саипова, Д. Умаров, У. Маманазаров Н.Токтосуновдорго караштуу Ишматов көчөсүндөгү мурдагы “Умра” ААКнын 15123,0 м.кв жер тилкесин өндүрүш багытынан турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. “ТКК Перспектива” ЖЧКга караштуу Кулатов кичи району №11б дарегиндеги  2500,0 м.кв жер тилкесин калкты тейлөө багытынан көп кабаттуу турак-жай багытына өзгөртүүгө  макулдук берилсин.

3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) тиешелүү иш кагаздарын даярдап токтом чыгаруу жагы милдеттендирилсин.

4. Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) уруксат иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.

5. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов) укук-күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына  жарыялансын (Р.Эргешов).

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

кеӊешинин төрагасы:

 

А. Аланов