Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)

 

2017-жылдын 23-майы № 80

Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы №489/08-6, Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №10-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 16-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомунун 1-пунктундагы жер тилке ээлеринин тизмесине Д.Умаров жана У.Маманазаров кошулуп окулсун.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Ормонов