Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 304
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду кароо жана тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 13-октябрындагы №411ү08-6, үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду кароо жана тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 13-октябрындагы №21-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду кароо жана тандоо боюнча шаардык комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Аланов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXXIII сессиясынын №304 -токтомуна №1-тиркеме
|
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду кароо жана тандоо боюнча комиссиянын
Курамы:
1. Аскаров З.М.-Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Абдыкадыров К.К.-Ош шаарынын каржы башкармалыгынын башчысы, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Алишеров К.-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча)
4. Кайымов Т.Т.-Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы;
5. Зулпиев Р.-Ош шаарынын ардагерлер кеёешинин төрагасы;
6. Айтматова Т.Б.-Аялдар кеёешинин төрайымы;
7. Токтошева А.-Youth of Osh коомдук бирикмесинин координациялык кеёешинин төрайымы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашу менен);
8. Качикеев Ч.-«Борбордук Азия Суу Альянсы» коомдук бирикмесинин проектилеринин координатору (макулдашуу менен);
9. Жолдошев Н.К.-Ош шаарынын каржы башкармалыгынын жетектөөчү адиси.