Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 114
Мырза-Аке Тазалык ишканасынын жетекчиси С. Жумаливтин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын жетекчисинин арызы менен таанышып, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын таштанды төгүлө турган участогун темир тор менен тосууга, керектүү чыгымдар үчүн каражат бөлүп берүү жагы каралсын.(тиркеме тиркелет)
2. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасына таштанды аянтын бөлүп берүү үчүн Кандава айылына кетүүчү жолдун 2-километринен 2 га жерди мыйзамдаштырып берүү жагы айыл чарбасы боюнча комиссиясына тапшырылсын .
3. Каражатты максаттуу пайдалануу .иштин сапатына жоопкерчилик «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын жетекчиси С. Жумалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |
| №114 токтомго тиркеме |
Кайрылуу
Мырза-Аке айылында жайгашкан таштанды төгүлүп жаткан 3га жердин 1га жерин темир тор менен тосуу зарылчылыгы чыгууда. Себеби бул жерди экологиялык мыйзамдар боюнча таштанды төгүлгөн жер темир тор менен тосулушу керек экен райондук экология биздин таштанды төгүлгөн жерди тососуңар деп көрсөтмө беррип кетишти. Таштанды төгүлө турган жайды топосоңор мыйзам чегинде айыл өкмөттүн жана «Тазалык» ишканасы жооптуу болосуңар же штраф төлөйсүңөр деп эскертип кетишти. Ошондуктан сиздерден сураныч таштанды төгүлүүчү жайга айыл өкмөтүнүн 2015-ж бөлүнө турган бюджеттен 167450сом акча каражатын бөлүп берүүңүздөрдү суранам. Тосмо тосуу үчүн маалыматтын анализин тиркемеси тиркелет.
Таштанды төгүлө турган участокту темир тор менен тосуунун
Калькуляциясы
Төмөндөгү акча каражаты жана материалдар сатып алынат
1. Сетка раберса бийиктиги 1м 40см керектелет. Таштанды төгүлө турган жерди тосуу үчүн 100 даана сетка керектелет. Ар бир сетканын баасы 900с жалпы 9000 миң болот
2. Сетканы карматуу үчүн угольник бийиктиги 2м ден 300м керектелет угольниктин ар бир мерт 95сомдон=33250сом керектелет.
3. Сетканы карматуу үчүн 60кг зым сарпталат зымдын 1кг 70сомдон 60кг 4200сом болот.
4. Сетканы угольникти орнотуу үчүн келишим менен 2 (эки) кызматчы иштетебиз. Кызматчылардын эмгек акысы 20000 миң сом болот.
5. Авто машина менен алып келген кызматына 1000 сом керектелет.
6. Таштанды төгүлө турган жердин АПЗсын чийдирүү эки участокко баардык керектелүүчү сумма таштанды 20000 миң сом жайды тосуу үчүн 90000+33250+4200+20000+20000=167450сом болот.