Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 116
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору А. Келдибековдун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ВУСинспектору А. Келдибековдун Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата эстеликти капиталдык ремонт жүргүзүүгө акча каражатын сураган арызы менен таанышып чыгып, бюджет комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 13-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата эстеликти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражаты сметага ылайык бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Согуштун ветерандарына өзгөчө кам көрүү, сый көрсөтүүнү колго алуу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына, аппарат кызматкерлерине жана мекеме-уюмдардын жетекчилерине сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |
| Тиркеме №1 |
Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата эстеликти оңдоо үчүн керектүү материалдар
1. Цемент -750кгХ6.5=4875сом
2. Зым – 2кгХ70=140сом
3. Мык – 1кгХ70=70сом
4. Ак цемент – 50кгХ25=1250сом
5. Альбастор – 50кгХ12.50=620 сом
6. Киста мальярная 2штХ50=100 сом
7. Ак кум 50кгХ5=250 сом
8. П-лес 0.27м3Х1500=4080 сом
9. Рейка 8мХ35=280 сом
10. Ак 70кгХ20=1400 сом
11. Краска серебрянная 2банкаХ500=1000 сом
12. Алиф 1лХ90=90 сом
13. Шбак үчүн 2машина кум Х 4000=8000 сом
14. Асбестная плитка 80кв2Х350=28.0000 сом
15. Ардагерлердин аты жазылган мраморная плитка 6шт=45000 сом
16. Уста акысы =20000 сом
17. Итого 115,160 сом